Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда Манас аба майданынан АКШ базасын чыгаруу боюнча Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзү чечим кабыл алганын билдирди. Коопсуздук кеңештин катчысы базаны чыгаруу боюнча партия, коомдук уюмдардын талабы буга чейин айтылып келгенин, ал эми кабыл алынган чечим боюнча демократиялык өлкөгө мүнөздүү оң жана терс пикирлер айтылып жатканын белгиледи. (AiT)