Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Нарын облусунун экспорттук көлөмү бир жылда 28 пайызга жакын азайган


2008-жылда Нарын облусу дүйнөнүн 20 өлкөсү менен соода-сатык иштерди жүргүзгөн. Өткөн жылда экспорттук жөнөтүүлөрдүн көлөмү 34,7 миллион сом болгон. Бул көрсөткүч 2007-жылга салыштырганда экспорт 27,7 пайызга азайды дегендикти билдирет. Нарын облусунан сырт мамлекеттерге чыгарылган экспорттун 83,8 пайызы Кытай Эл Республикасына, 10 пайызы Казакстанга туура келет. Ал эми облуска келген импорттук товарлар 2008-жылы 2007-жылга караганда 60,8 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалымат облустук акимчиликтин экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн алынды. (KUs)

XS
SM
MD
LG