Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Жалал-Абат облусунда мугалимдер менен дарыгерлер жетишсиз


Облустук бийликтен алынган маалыматтар боюнча, өткөн жылы 915 мугалим иштен чыгып кеткен. Мектептерге жетишсиз болгон 624 мугалимдин орду ардагер жана сырттан окуган адамдар жана окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттери менен толтурулган. Окууга 172 бала тартылбай калып, өспүрүмдөр жасаган кылмыштуулук мурдагыдан беш пайызга өскөн. Өзбекстандан келип иштегендер көбөйүп, облустун 74 миңден ашык тургуну КМШ өлкөлөрүнө жумуш издеп кеткен. Буга дейре врачтардын жетишсиздиги менен түрдүү оорулардан былтыр төрөт курагындагы 16 эне көз жумганы, бир күндүк ымыркайлардын өлүмү көбөйгөнү айтылган. Саламаттык сактоо тармагында дарыгерлердин жетишсиздиги сезилүүдө. Маянанын аздыгынан былтыр 132 дарыгер менен орто билимдүү 195 медициналык кызматкер ишин таштап, башка жумуштарга которулуп, же жакынкы өлкөлөргө кетишкени кабарланган. (YA)

XS
SM
MD
LG