Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

АКШ мамкатчысы аба база боюнча кыргыз тараптын чечимине өкүнүч билдирди


АКШнын мамлекттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргыз бийликтеринин «Манастагы» аскерий базаны жабуу ниетине байланыштуу өкүнүчүн билдирди:

- Кыргыз өкмөтү бул маселени караштырып жатканы өкүнчүтүү. Биз алар менен сүйлөшүү өткөрүүгө үмүттөнөбүз. Бирок Кыргыз өкмөтүнүн чечими кандай болбосун биз өз милдетибизди натыйжалуу аткарууга аракет кылабыз.

Бул аралыкта АКШнын Тажикстандагы элчиси маалымдагандай, Душанбе өз аймагын Ооганстанга аскерий эмес жүк ташыган натолук жана америкалык унаа үчүн ачууга даярдыгын билдирди. Элчи Трэйси Энн Жакобсон президент Эмомали Рахмон менен жолугушуудан кийин билдиргендей маселени талкуулоо үчүн АКШ делегациясы жакында Тажикстанга жөнөшү мүмкүн:

- Биз бул маселени генерал Дэвид Петреустун сапары маалында учкай сөз кылганбыз. Жана талкууну андан кийин да уланттык. Мындан тышкары Ооганстанга багытталган коммерциялык жүктүн транзитине байланышкан суроолорду тактоо үчүн АКШнын делегациясын күтүп жатканыбызды айта алам.

Президент Рахмон жүк аскерий эмес, атап айтканда курулуш материалдары, дары-дармек, отун жана суу болууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG