Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Жогорку Кеңеш АКШнын аба аскерий базасын чыгарууга байланышкан өкмөттүн чечимин кароо алдында турат. Cаясат таануучу Орозбек Молдалиев ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Орусиялык айрым талдоочулар АКШ базасын чыгаруу жөнүндөгү чечим принципиалдуу чечим болбой калышы мүмкүн деген пикирди айтышты. Ушундан улам базаны бир тараптуу чечим аркылуу Кыргызстандан чыгаруу демилгеси парламенттен колдоо таппай калышы мүмкүнбү деген суроо туулуп атат. Анын үстүнө кечээ премьер-министр Игорь Чудинов дагы ошол тараптар база боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат деп билдирип кетти. Сиздин пикириңиз кандай?

- Бул жерде маселе барып-барып биздин тышкы саясаттын туруктуу багыты жок экендигинен келип чыгып атат. Өкмөт чечим кабыл алардан мурун кеңешип-сүйлөшүүлөр болуш керек болчу, Жогорку Кеңеш менен “Ак жол” партиясы бийликтин партиясы болгондон кийин, анан бул чечимге барыш керек эле. Эми маселенин экинчи жагы, эгерде Орусияга барып сүйлөшүүлөр болгондо биз күткөн жыйынтыктар болбой калса, анда парламент бекитпей койсун деген бир жол турат ушул жерде. Эми Москвадагы сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин, “биз күткөндөй болбой калды, добуш бербей эле койсо болот” десе Жогорку Кеңеш бекитпей коет өкмөттүн чечимин. “Жок, биз ойлогондой болду, макулдашуулар болду, добуш бере бергиле”, десе Жогорку Кеңеш добуш берип коет. Биздин Жогорку Кеңештин жүрүш-турушу ошондой экенин баарыбыз эле билебиз. Маселенин башка жагы өкүнүчтүү болуп атат.

Кийинки кездерде биздин тышкы саясаттын деңгээли өтө төмөндөп кетти. Мына жакынкы эле бир мисал, биздин Кыргызстандын Москвадагы элчиси такырбаштар менен, фашисттердин жетекчиси менен жолугушуп атат. Бул демек биз аларды өзүбүздүн тышкы саясатыбыз ошондой адам өлтүргүчтөрдү, улутчуларды тааныды дегенди билдирет. Мына биздин элчиликтердин деңгээли. Экинчиден, биздин президент 2005-жылдан бери чоң мамлекеттик деңгээлдеги визитти Орусияга дагы жасай элек, жумушчу визит менен барат. Башка Европага, АКШга визити жок болуп атат Америка менен өнөктөш болуп атып. Элчилердин, тышкы саясаттын начар иштегендиги бул. Ошон үчүн президенттин күйүп-бышып айтканына кошулса болот.

Дагы бир маселе бар, азыр кайрылуудан улам чыгып аткан жаңы багыт деген саясатыбыз бар. Мына ошол жаңы багытка базанын кетсин дегени ошого туура келип атат. Тышкы саясатты бизде башка күчтөр аныктай баштады.

- Бул жерде дагы бир маселе, антитеррордук күрөш деген маселе туруп атпайбы Америка мене Орусиянын ортосунда. Ушул базаны Кыргызстан чыгаруу жөнүндө чечим чыгардым деп жарыялагандан кийин Ооганстанга каршы күрөш деген нерсенин мазмуну кандай өзгөрүшү мүмкүн? Мисалы Америка, Кытай деген чоң мамлекеттердин ортосунда?

- Бул жерде чоң улуу державалардын 3-4ү эле дүйнөлүк саясатты аныктап турат. Биздин Кыргызстандан көп деле анча нерсе чечилбейт. Ансыз деле чабалдыгыбызды көрсөтүп атабыз. Эми мына базаны кетиргиле деп Орусия басым көрсөтүп атканы белгилүү, алардын басымы менен эле кеткен атат база. Ошол эле мезгилде Орусия 3-4-февралдан бери Америка менен өздөрү сүйлөшүү жүргүзүп атат, Орусиянын аймагы аркылуу Ооганстанга жүктөрдү жеткирүү боюнча. Мына өздөрү макул, кызматташууга даяр, ал эми силер болсо базаны чыгаргыла деп атат.

Эми бул Грузиядагы абалга Орусиянын Америкага берген жообу Кыргызстан, ошого бир аз себеп болуп калдык. Мына биз деле мындай кылып коебуз, бул жакты биз башкарабыз деген сөз. Бул жерден дагы сиз туура маселени коюп атасыз, биз антитеррордук коалиция болуп атсак, терроризмден биз көп кордук көрдүк, 1999-2000-жылдарда, азыркы мезгилге чейин деле. Ошол терорризмге каршы күрөшөбүз деп коюп базаны алып кет деп атабыз, сүйлөшүү жолу менен чечсе болот эле жанагы маселелерди деле. Анын үстүнө мына азыр администрация да жаңырып атат Америкада. Бул жерде бир геосаясий конструкция пайда болгон региондо сырткы күчтөрдүн балансы деген. Ошол балансты бузуп атабыз азыр.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG