Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

Т.Акун: Ноокат окуясы боюнча комиссияга бут тосуулар болду


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ноокаттагы тополоңдун чоо-жайын иликтөө боюнча укук коргоочулардан түзүлгөн комиссияга жергиликтүү укук коргоо органдары, коопсуздук кызматы тарабынан бут тосуулар болуп, комиссиянын ишине жолтоо болушкан. “Ноокаттагы окуя боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары дыкат иликтебей, сот бир беткей чечим чыгарып салуусу мүмкүн. Айыпталып жаткан 32 адамдын ичинен төртөө эле Хизб-ут-Тахрир уюмуна мүчө деген маалымат бар. Акыйкатчы институту тарабынан түзүлгөн комиссия бул окуянын ак-карасын иликтеп, адилет баасын берет”, дейт Акун. Комиссиянын курамындагы белгилүү укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Динара Ошуракунова, Назгүл Турдубекова бүгүн Ноокаттан Бишкекке жол тартышканы кабарланууда. Былтыр 1-октябрда Ноокат районунда Орозо айтка байланыштуу майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат берилбегендиктен тополоң чыгып, райондук акимчиликтин имараты таш бараңга алынган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, райондук сот 32 адамды 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG