Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Орусиядагы кыргыз мигранттар патент алуусу керек болот


Квота менен эмес, мыйзамсыз иштеп жүргөн Орусиядагы кыргыз мигранттары эми патент алуусу керек болот. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын миграциялык мыйзамындагы өзгөртүүлөрдө айтылат. Орусияда иштөөнүн жаңы шарттары тууралуу Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин төрага орун басары Т.Сабыров орусиялык кесиптеши А.Кузнецов менен болгон жолугуушуусунда таанышканы маалым болду. Патент акысы үч миң рубльди түзөт. Ал жеке менчик тармакта иштеп жаткан гастарбайтерлер үчүн сатылат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG