Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Талант тагдыры: Темир ооз комузчу Сыйна Шайбекова


Темир ооз комузчу Сыйна Шайбекова, 1960-жылдар

Темир ооз комузчу Сыйна Шайбекова, 1960-жылдар

Кыргыздын какма тилдүү музыкалык аспаптарынын эң байыркыларынын бири - темир ооз комуз. Абалкы аспаптын негиз салуучулары Бурулча Осмонбек кызынын, Адамкалый Байбатыровдун ысымдары сыймыктануу менен айтылып келет. Атактуу темир ооз комузчулардын жолдорун жолдоп, өнөрлөрүн улагандар ондоп саналат. Алардын бири - Сыйна Шайбекова эле. Ал Кеңеш доорунда төрөлүп, өнөрүн өркүндөтүп, темир ооз комуздун ондогон күүлөрүн кыргыз угармандарына тартуулаган.

1965-жыл. Сентябрь айы. Кыргызстан композиторлор союзунун алдындагы фольклордук кабинети. Кабинет башчысы, дирижер, композитор, республиканын эл артисти Борис Феферман калк арасында сейрек ойнолуп бараткан темир ооз комуздун аткаруучуларынын күүлөрүн нотага түшүрүш үчүн тасмага жазып, республиканын ар кайсы аймактарынан талантууларын таап, аларды атайын союзга чакырат.

Булардын арасында Таластык Сагын Сатыбалдиева менен Башай Садырова, Сузактык Турдукан Мурзаева, Кочкордук Сыйна Шайбековалар бар эле. Шайырлар ар кандай куракта болгондуктан Борис Феферман кыргыздардын улууларды урматтаган салтын улап келген шайырлардын эң улуусу Сыйна Шайбекованын күүлөрүн тасмага жазуудан баштады. Ал 1919-жылы Кочкордун Талаа-Булак айылында төрөлгөнүн, кесиби боюнча медицина кызматкери экенин, Кочкордогу райондук ооруканада иштеп жатканын айтып келип, темир ооз комузду кандайча кагып калганы жөнүндө мындай дейт:

- Атам Шайбектин агасы Курманбай чоорду жакшы тартуучу. Ал “Койчулардын коңур күү”, “Жылкычынын жыргал күү” деген күүлөрүн өтө берилип, өткөрө чеберчиликте аткаруучу. Бул менин элдик музыканы сүйүүгө болгон сезимимди ойготту. Айылдык уста Маматбек жез жаактуу темир комуз жасап берди. Атамдын карындаштары Торкотай, Кылкатай, Айымбача, Канымбача темир комузду сол колдору менен кагышчу. Мен аларга кошулуп ооз комузду оң колум менен кага баштадым. Бара-бара темир ооз комузга кызыгуум артып, бассам-турсам түшүрбөй кагып жүрдүм. Ошентип, темир комузсуз жашай албай калдым. Көбүнчө элдик күүлөрдү кагам. Өзүм да күү чыгарып жүрөм. Эми ата-энеден томолой жетим калып, тартпаган азаптарды тартып, көрбөгөн кордуктарды көргөн Айша аттуу кыздын арманын баяндаган “Айша кыздын арманы” аттуу эл күүсүн кагып берейин-деп, - арман күүнү кагып берген эле.

Композитор Борис Феферман Шайбековадан баш-аягы 20дай элдик, өзүнүн жана залкар комузчулардын, кыл кыякчылардын темир ооз комузга салынган үлгүлөрүн тасмага жазып алды. Алардын арасында Ыбырайдын “Боз салкын”, “Жаш тилек”, Мураталынын “Ат кетти”, “Токтогулдун кербези” аттуу күүүлөр бар эле. Сыйна авторлордун аталган күүлөрүн темир ооз комуздун мүмкүнчүлүгүнө, аткаруучулук чеберчилигине жараша көркөмдөп, кооздоп салууга аракттенген.

Сыйна кесиптештеринен темир ооз комузда каккан күүлөрүнүн маани-маңызын, тигил, же бул күүнүн чыккан тарыхын таржымалдай отуруп какканы менен айырмаланды.

Ал элдик “Багылдыр тоо” аттуу күүнү кагаардын алдында:

- Апам айтаар эле: илгери-илгери бир тоголок жетим кызды бай кемсинтип, үйлөрүнөн окчунураак, өзүнчө жалгыз кара алачык тигип берет. Ошол алачыкта жашап, байдын оокатын жасап жүрөт. Бир күнү булакка барып, суудан чакасына толтура сузуп алып, энеси менен атасын эстеп, көз жашын төгүп, муңайым отурса, мылтыктын тарс эткен үнү чыгат. Кыз жалт караса, тоо эчкинин эркек улагы - багылдыр ары-бери жүгүрүп жүргөнүн көрөт. Көрсө, мерген энесин жардан кулата атыптыр.

Кыз чакасынын кулагын акырын кылдыратса, багылдар тыңшап кулак түрүп калат. Эртеси кыз сууга келсе, багылдыр негедир ошол жерди пааналап, айланчыктап энесин издегенсийт. Кыз чакасынын кулагын кылдыратса, багылдыр кулагын делдейтип көз чаптырат.

Кыз жолдон темир мык таап алып, булактын чекесине отуруп, таш менен жукартып, сөөмөйү менен какса, дыңылдап үн чыгат. Күнүгө сууга келген сайын ошол темирди темир комуздай кылып ийип, тишине такап, үн чыгарып кагып жүрөт.

Багылдыр болсо ошол жерге үйүр алып, булактын тегерегинде жүруп чоңоёт.

Кыз булакка келип
Багылдыр тоодон келдиңби?
Кел, келегой, багылдыр! - деп
темир комуз менен сүйлөтүп кагат. Ошентип жүрүп багылдыр кызга өтө үйүр болуп кетет.

Күндөрдүн биринде кыз кара алачыгынын ичинде “Багылдыр тоодон келдиңби?” деп кагып отурса, багылдыр кара алачыктын ичине кирип келиптир. деп, Сыйна “Багылдыр тоо” аттуу элдик улуманын негизинде шартылдаган күүнү кагып берген эле.

1945-жыл. Күз айы. Залкар темир ооз комузчу Адамкалый Байбатыров жетектеген кыргыз филармониясынын шайырлары Сыйна жашаган айылга оюн коюп барып калышат. Темир ооз комузду таңгшыта кагып калган Сыйна энеси менен атактуу шайырлардын концертине барышат. Концерт бүткөндөн кийин Сыйна энеси менен Адамкалыйга жолугушат. Элдик шайыр менен таанышышат. Сыйна Адамкалыйга билген күүлөрүн кагып берет. Ошондо Адамкалый жаш өнөрпоздун келечеги кең экенин байкап, төмөнкүчө кеңешин берет.

“Кызым мага ата-бабадан бери ардактала кагылып келе жаткан ооз комузду какканың абдан жакты. Ооз комузду какканыңда ышкырык кошуп какса кооз да, мукамдууда, угумдуу да болот. Аспабыңды кагып жаткан убакта желди ичиңе тартканда, кайра чыгарганда бир калыпта чыгарып таңдай менен көмөкөйдү иштете билишиң керек. Кага турган күүңө ышкырык кошуп кагам десең таңдайың менен көмөкөйүңдү бир калыпта кармап дем алуунун ыкмасын үйрөнүшүң зарыл. Кандай гана аспапта ойнобогуң мээңе сиңирип, көкүрөгүңө жаттамайынча, тигил же бул күүнү ойдргудай аткара албайсың. Сен каккан аспабыңды өтө сүйөт экенсиң. Сенден келечекте жакшы ооз комузчу чыгат. Ак жол”- деп Адамкалый Байбатыров чын жүрөктөн кеңешин берип, чыгармачылыгынын өркүндөшүнө ак жол каалаптыр.

Сыйнанын айтылуу Адамкалый Байбатыровго жолуккан күндөн темир ооз комузга болгон кызыгуусу баштагыдан да артат. Райондо, областта, республикада өткөн өздүк көркөм чыгармачылыктын кароолоруна, фестивалдарына такай катышат. Башкы байгелерди жеңип алууга жетишет. Күүдөн күүнү чыгарат. “Бурмаке”, “Кыргыз күүсү”, “Какшаалдан кат”, “Какей” аттуу угуучулардын жан дүйнөлөрүн асылданткан күүлөрдү чыгарат.
XS
SM
MD
LG