Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Аптанын маданий окуялары


Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан Санта Клаустардын фестивалына быйыл 16 өлкөнүн өкүлдөрү келишти.
Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан Санта Клаустардын фестивалына быйыл 16 өлкөнүн өкүлдөрү келишти.

Президент Курманбек Бакиев “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык борборунда Чыңгыз Айтматов жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү тууралу жардыкка кол койду.

Президенттин жардыгына ылайык, кыргыз элинин тарыхий-маданий мурастарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү жана рухий дөөлөттөрүн кайра жаратуу, ошондой эле Кыргызстан элинин рухий борбору болуп калуучу “Айтматов театрын” ачуу максатында 2009-жылдын май айында “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык борборунун базасында Чыңгыз Айтматов жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү токтом кылынды.

5-февралда Санта Клаустардын II эл аралык фестивалы ачылды. Былтыркы биринчи фестивалга 7 өлкөнүн өкүлдөрү келген болсо, быйылкы экинчи эл аралык «Санта-Клаус жана анын достору» аттуу иш-чарага 16 мамлекеттен Санта Клаус жана анын достору келишти. Фестивалдын алкагында Кыргыз эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата китеп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, салтанатуу ачылыш азем Кыргыз улуттук филармониясында болду. Бул фестиваль Кыргызстандын аброюн көтөрүп, дүйнөгө таанытуу, туристтерди тартуу максатын көздөйт.

Кыргыз балдарынын жаңы жылдык сүйүктүү каарманы Аяз-Ата фестивалдын меймандарын Кыргыз улуттук китепканасынын алдынан тосуп алып, Кыргыз эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата уюшулган китеп, сүрөт көргөзмөсү менен тааныштырды.

Франциянын Нант шаарында орус киносунун 12-жумалыгы ачылды. Анда сынактык программага орус кинорежиссерлору жараткан 4 тасма киргизилип, анын ичинен калыстар тобу мыкты деген фильмди аныктайт. Фестивалдын жүрүшүндө ошондой эле сынактан тышкары да фильмдер сунушталууда.

Берлинде 59-эл аралык кинофестиваль ачылды. 15-февралга чейин улануучу фестивалдын программасына 6 минден ашууну тасма келип түшкөн. Анын ичинен 300дөн ашуун фильм тандалып алынган. Ал эми фестиваль Том Тыквердин “Интернешнл” аттуу эмгеги менен ачылган.
XS
SM
MD
LG