Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Коррупцияга каршы патриоттук кыймылы АКШ элчисине кайрылуу жолдошту


Коррупциялык системага каршы күрөшүү элдик-патриоттук революциялык кыймылы Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана Гфеллерге жазган кайрылуусунда 3-февралда президент Курманбек Бакиевдин Кремлдеги билдирүүсү кооптондуруп жатканы белгиленген. Анда "Манас" аба майданынан эл аралык террорчулукка каршы күрөшүүчү күчтөрдүн чыгарылышына каршы экенибизди билдиребиз. Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен коопсуздугу коркунучта калууда. Орусиянын аскерий жана экономикалык экспансиясынын айынан биздин улуттук келечегибизге кескин коркунуч туулду”,- деп айтылат. Ошондой эле АКШнын элчисинен президент Барак Обамага аталган кыймыл жолдогон кайрылуу катты жеке өзүнө берүүсүн өтүнүшкөн. Обамага жазылган катта саясий-экономикалык кризистик абалдан, диктатуралык башкаруудан сактап калууга жардам берүүнү суранган. Расмий бийлик өкүлдөрү "Манастан" аба базаны чыгарууга Орусиянын эч кандай тиешеси жоктугун, бул кыргыз бийлигинин саясий чечими экенин айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG