Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Айрым саясат талдоочулардын баамында, кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин “Манас” аба базасы тууралу Москвадагы билдирүүсү Кыргызстан тышкы саясатында көп тараптуулукту жоготконун каңкуулайт.

Бийлик өкүлдөрү коалициялык күчтөрдүн “Манас” аба базасы тууралуу чечимди Кыргызстан эч кимдин кысымысыз эле кабыл алганын, бул жерде Орусиядан келе турган кредиттердин тиешеси жоктугун айтышууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун айтымында, “Манас” аба базасынын Кыргызстанда турушу эки тарапка тең пайдалуу болушу керек эле, бирок андай болбоду:

- Мен айтар элем, бул аба базанын Кыргызстанда турушу эки мамлекетке бирдей кызыкчылыкта, же бирдей пайдалуу маселе болушу керек эле. Алар башында бир жылга деп келишим түзүп келишкен. Бир жыл эмес азыр сегиз жыл болду. Сегиз жылдын ичинде абал кескин түрдө өзгөрүп кеткен жок. Ошондуктан Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн чечимин кабыл алды.

Бир катар саясат талдоочулардын айтымында, президент Курманбек Бакиев учурунда көптөгөн убадаларындай эле мамлекеттин тышкы саясаты көп багыттуу болорун айткан. Бирок тилекке каршы президенттин Москвага болгон соңку иш сапарынан кийин өлкөнүн тышкы саясаты Орусияга ыктаган, анын сөзүн эки кылбаган саясат болот дешет. Ошол себептүү серепчилер мындай жагдай мурда ар дайым орточул саясат жүргүзүп келген Кыргызстанга аброй алып келбесин да айтышат.

Саясат талдоочу Улан Жуманаевдин пикиринде, президент К.Бакиев учурдагы кыйын кырдаалдан, экономикалык жана энергетикалык кризистен кутулуу үчүн да ушундай кадамдарга барып отурат. Анын үстүнө бул жерде авторитардык бийлиги урап түшпөсү үчүн авторитардык чоң мамлекеттин алдынан өтүп коюу аракети байкалат:

- Биринчиден, Курманбек Бакиевдин башынан эле АКШга, батыш өлкөлөрүнө болгон мамилеси терс болуп келген. Карап көрсөңөр, ал президент болуп 4 жыл отурган убакыттан бери бир да жолу АКШга же Европага расмий сапар менен барган жок. Бирок өзү көп багыттуу тышкы саясат курам деп айтып келбеди беле. Тилекке каршы анын айткан сөздөрү менен кылган иштери айырмаланып келатат.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков бул тууралуу мындай пикирде:

- Президент бул базаны чыгаралы десе, тиги АКШдан туруп алып бир азаматыбыз айтып атат “Кыргызстан чектелип калат” деп. Дагы башка азаматтарыбыз “Орусиянын кулчулугуна айланабыз”, “Эгемендүүлүгүбүз жоголот” деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Эми булар болбогон, түккө турбаган сөздөр да. Мына, Өзбекстан деле АКШ базасын чыгарып жиберген, эмне алардын мамилеси начарлап кеттиби? Жок. Ошондой эле. Эч кандай таасир эткен жок. Бул деген саясат, мамлекеттердин ортосунда боло жүргөн иш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG