Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Өтүп бараткан жумада Кыргызстан тагдыр чечүүчү эки чечим кабыл алды. Анын бири АКШ базасын чыгарууга байланыштуу чечим, экинчиси Россия менен Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу келишим болду.

Камбар-Атанын карааны...

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча орус өкмөтү менен макулдашууга жетишти. 3-февралда президент Курманбек Бакиевдин Москвага жасаган сапарында жетишилген келишимге ылайык, Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1 ГЭСин куру үчүн акционердик коом түзүп, ага 50%дан ээлик кылат. Ал акционердик коомго ГЭСти куруу үчүн орус өкмөтү 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берет.

Мына ошону менен Россиянын насыясы Кыргыз мамлекетинин мойнуна карыз катары илинбей, акционердик коомго жүктөлөт дейт
өкмөт башчы Игорь Чудинов:


- 1 миллиард 700 миллион доллар бул түз инвестиция. Ал мамлекеттин карызы болбойт. Ага өкмөт кепилдик берген эмес. Бул биргелешкен акционердик коомго жасалган түз инвестиция болот.

Регионалдык эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде саясий жылыштарга алып келген Камбар-Ата-1 ГЭСинин мүмкүнчүлүктөрү канчалык?

ГЭСтин параметрлери тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов мындай маалыматын берди:

-Камбар-Ата ГЭСтери бир жылда 6 миллиард 300 миллион килловатт саат электр энергиясын иштеп чыга алат. Анын чөйчөгүндө 4 миллиард 600 миллион куб метр суу сакталат. Камбар-Ата-1дин биринчи агрегаты ишке кирери менен электр энергиясын иштеп чыга баштайт. Аны экспорттосок, же өзүбүз пайдалансак болот. ГЭСти куруу менен бирге Кеминге жана Ошко карай жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартыла баштайт. ГЭСтин ишке кириши менен сууну башкарууга шарт түзүлөт.

Регионалдык маселе демекчи, Нарын-Сыр-Дарыянын жогору жагында суунун агымына таасир этүүчү объектердин курулушуна Ташкен кескин каршы чыгып келатканы маалым. Камбар-Ата ишке кирген болсо Кыргызстан Токтогул суу сактагычын каалаган режимде, энергетикалык да, сугаттык да режимде иштете алышына шарт түзүлөт. Азыркы мезгилде Кыргызстан Токтогул суу сактагычын энергетикалык режимде иштетүүгө аргасыз болуп жатканы белгилүү. Ошондуктан Камбар-Ата ГЭСтеринин ишке кириши менен Кыргызстан кайсы бир деңгээлде энергетикалык эгемендүүлүккө жетишип, кырдаалдын кожоюну боло баштайт. Мындай абал Өзбекстанга жага бербеши айдан ачык.

Мына ошондуктан Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар да Камбар-Ата боюнча келишимди кубатташып, бирок анын аткарылышына күмөнүн билдирип, айрым деталдарга сын-пикирлерлерин айтышууда.

Маселен, мурунку тышкы иштер министри, азыркы кезде оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкулов ГЭСти куруунун долбоорунун даяр эместигин, жаңы түзүлө турган акционердик коомдун беш кишиден турган директорлор кеңешинин үчөөсү орус тараптан, экөөсү кыргыз тараптан болуп калышын улуттук кызыкчылыкты уттуруу катары баалап жатат.

Ал эми каржы министри Марат Султановдун айтымында, Директорлор кеңешинде орус өкүлдөрү көп болгону менен, башкармалыкта кыргыз өкүлдөрү көптүк кылат. Ошентип бул маселеде эки тарап орток чечим тапкан.

Россия Тажикстанда ГЭС курууга 2 миллиард доллар убада кылып, бирок ал ушул кезге чейин ишке ашпай турат. Бизде ал кайталанбайбы деген суроолор жок эмес. Ага карата Марат Султанов мындай жүйөөнү келтирет:

-Тажикстандын Рогун ГЭСине Дерипасканын менчик РУСАЛ компаниясы каражат бериш керек эле. Ал эми бизде кырдаал башка. Бизге менчик компания эмес, мамлекет насыя берип жатат. Тажикстан менен Россия жетишкен келишимден, биз Россия менен жетишкен келишимдин айырмасы мына ушунда.

Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Москвада жетишилген келишимди мындай баалады:

- Камбар-Ата-1 курулушу боюнча Кыргызстандын Россия менен келишимин аябай чоң прогресс деп эсептеймин. Эгерде Камбар-Ата ГЭСи курулса өтө чоң экономикалык пайда болот. Ошондо биз энергетикалык көз карандылыктан чыгабыз. Өзбек газынан баш тартсак да болот.

Москвада Камбар-Ата ГЭСине 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүдөн сырткары, Кыргызстанга 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя, 150 миллион доллар гранттык жардам жана Кыргызстандын Россияга 193 миллион доллар карызын “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясына алмашуу, калган бөлүгүн кечүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдерди 6-февралда Жогорку Кеңеш ратификациялады. Жалгыз гана 150 миллион доллар грант боюнча келишим ратификацияга кийинчерээк коюлмакчы.

ГЭСке макул, базага жок!

Россия менен жетишилген мына ушундай келишимдер экинчи жак, тагыраак айтканда АКШ менен база боюнча келишимди бузуу менен коштолду.

Талдоочулар Россия Кыргызстанга масштабдуу жардам берүүнүн алдында, Манастан АКШнын аскерий базасын чыгаруу шартын коюп, мына ошого жетишти деген пикирди айтууда.

Базаны чыгаруу чечими президент Бакиев тарабынан Бишкекте эмес, Москвада айтылышы аны далилдеп тургандай.

АКШ баш болгон 12 өлкөнүн аскерлери 2001-жылы америкадагы террордук чабуулдардан кийин “Манас” аба майданына
жайгаштырылган. Базанын максаты Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылуу болгон.

АКШнын президенти Барак Обама Ооганстанга өзгөчө көңүл буруп, ал жердеги аскерлеринин санын 30 миңге көбөйтүүнү көздөп жатканда кыргыз өкмөтүнүн базаны жабуу чечими америкалыктардын айласын бир топ кетирип турат.

Президент Бакиев базаны жабуу чечимин 3-февралда жарыялангандан эки күн өтпөй өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Жогорку Кеңеш 5-февралда маселени кароого даяр болду. Бирок парламенттеги өкмөттүн өкүлү Мырза Кулматов депутаттарды шашпоого чакырды:

-Муну эми тийиштүү комитеттер караса. Анан кийин үч фракция караса. Шашылбай талкуулап, февраль айынын күн тартибине киргизсеңиздер туура болот.

Парламенттеги өкмөт өкүлүнүн мына ушул сөзү база боюнча соода дагы уланат деген түкшүмөлдөрдү пайда кылды.

Бирок премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев кабыл алынган чечим өзгөртүлбөйт дейт:

- Кыргыз өкмөтү өзүнүн чечимин кабыл алды. Американын аба базасы боюнча келишимди денонсациялоого макулдук берди. Кайра баш тартат деген сөздөргө түшүнбөймүн.

Мына ошентип эми парламент келерки жумада Манас аба майданына АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу боюнча 2001-жылы жетишилген келишимди бузуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун карап, өз чечимин чыгарат. Ал эми парламент өкмөт жана президенттин сунушун четке какпашы баарына белгилүү. Анткени президенттик “Ак жол” фракциясы 90 орундуу Жогорку Кеңеште абсолюттук көпчүлүктү түзөт. Андан сырткары 8 депутаты бар коммунисттик фракция базанын чыгарылышын кубаттап турат. Ал эми оппозициялык социал-демократиялык фракциянын 10 гана депутаты бар.

Базаны чыгаруу багытында кыргыз бийлигинин чечкиндүү турганына карабай АКШ менен сүйлөшүүлөр болот деген сөздөр бар. Маселен, саясат таануучу Марат Казакбаев келерки жумада сүйлөшүүлөр башталат деген пикирди айтууда.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев базаны чыгаруу маселеси соодага айланганына нааразы:

- Акча жагын көп карап, базар соодасына түшүп кеттик. Мунун артында моралдык, этикалык, ошондой Кыргызстандын дүйнөлүк интеграцияга кириш маселелери да бар. Анан 150 миллион доллар менен АКШ менен ажырашуунун куну төлөндү, чечилип калгандай болуп жатат. АКШ жана батыш менен бузулуп калган мамилени 150 миллион, же андан көп акча менен салыштырып болбойт.

Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров Манастан базаны чыгаруу Кыргызстандын эгемен чечими болду деген билдирүүсүн жума күнү жарыялады.

Бийлик-оппозиция ортосундагы абал

АКШ базасы жана Камбар-Ата ГЭСине байланыштуу алыска кетүүчү чечимдер кабыл алынган жумада оппозициялык саясатчылар билдирүү менен чыкты.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, оппозиция үчүн келе жаткан жаз чечүүчү мезгил болот. Алар өлкөнүн бардык аймагында бир күндө нааразылык акциясын баштоону белгилеп жатышат:

- Жакын арада качан башталаарынын мөөнөтү айтылат. Кыргызстан боюнча бир күндө чыгат. Биз ошону координация кылышыбыз керек.

Бийлик Россиядан алган кубат менен бир жагынан күчтөнүп, оппозиция экинчи жактан үй-бүлөлүк башкарууга каршы акциясына даярданып жаткан мезгилде, Турдакун Усубалиев баш болгон кыргызга белгилүү аксалдар президентке кайрылуу жолдоп, анда оппозиция лидерлерин кылмыш ишин ачып, куугунтуктоону токтотууну сурашты.

Аксакалдарды 6-февралда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кабыл алып, алардын сөзүн укту. Жолугушуу тууралуу ага катышкан Амангелди Муралиев буларды билдирди:

- Кеңешмеге администрация жетекчиси Данияр Үсөнов, башкы прокурор катышты. Анда саясий куугунтуктар жөнүндө сөз болду. Оппозиция өз иштерин активдештире баштаганда саясий куугунтук өзгөчө күчөп калды. Администрация тарабынан айтышты, фактылар чыкса мыйзамга жараша жоопкерчилик тартылыш керек деген сөздү айтышты. Мына ошонун тегерегинде сөздөр болду.

Амангелди Муралиевдин айтымында, бийликтин кадамы диалогдун андан ары уланышына шарт түзөт.

Оппозиция лидерлери да диалогдон качпай тургандыктарын, ошол эле мезгилде жазга белгиленген акциядан баш тартуу болбой турганын айтышууда.

Бийлик менен оппозициянын күчүн акыркы жумадагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу салыштырганда теңме-теңдей болуп турат. Албетте, бийлик Россиядан дээрлик 500 миллион доллар актив алып, тагдыр чечүүчү Камбар-Ата-1 ГЭСине масштабдуу инвестиция тартуу менен жеңүүчү катарында турат.

Бирок АКШ баш болгон өнүккөн батыш өлкөлөрүнүн колдоосунан кур калуу бийлик үчүн оңой эмес жоготуу болот. Анткени Кыргызстан "Манасты" ижарага берүүдөн, андан сырткары Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк, Азия банктарынан жүз миллиондогон доллар жардам, насыя алып турган. Акыркы мезгилде АКШнын “Миң жылдыктын чакырыктары” программасы ишке кире баштаган.

Айрым саясатчылар, АКШ Кыргызстанда аткарып жаткан мына ошол программаларын токтото баштаганын айтууда.

Албетте, кыргыз бийлиги четтен келип жаткан жардамдар менен “өгүз өлбө, араба сынба” саясаты менен жүрө берсе болмок. Бирок бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн чоң тобокелге барып, өлкөнү алдыга жылдырууга кадам таштады деген үндөр да жок эмес.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG