Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз-казак оппозициялык партиялары кызматташат


“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдиришинче, 6-февраль күнү Алма-Атада Казакстандын Бириккен социал-демократиялык партиясы менен эки тараптуу жолугушуусу болуп, эки партия өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Өз ара кызматташуу тууралуу меморандумда рыноктук фундаментализм кыйрагандыгы, жеке кызыкчылык жеке пайда деген түшүнүк коомдун кызыкчылыктан жогору турбагандыгы, эки өлкөдө экономика эл үчүн багытталып, табигый байлык эл үчүн иштешин, карапайым эмгек калкынын кызыкчылыктарынын коргоонун зарылдыгы белгиленген. Аталган меморандумду ишке ашырыш үчүн эки тарап утурлай биргелешип чогуу-чаран иш аракеттерди өткөрүп турмакчы. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин белгилешинче, дүйнөдө азыр социалистик идеялар алдыңкы орунга чыгып, көптөгөн мамлекеттерде дал социалисттер бийликке келип жатат. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG