Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

9-февраль: Тарых барактары


Экономикасынын кедери кетип бараткан СССРди сактап калууга зор салым кошкон КПСС БКнын баш катчысы Ю. В. Андропов 1984-жылдын ушул күнү дүйнө салган.

Экономикасынын кедери кетип бараткан СССРди сактап калууга зор салым кошкон КПСС БКнын баш катчысы Ю. В. Андропов 1984-жылдын ушул күнү дүйнө салган.

Энесайлык кыргыздардын өкүмдары Эренак 1680-жылдын 9-февралында орус воеводаларына кайрадан адамдарын жиберип, согушту токтотууну суранган. Пишпек областтык балдар комиссиясы 1926-жылдын 9-февралында кароосуз калган балдар үчүн түнөк үй ачкан. Америкалык У. Морган 1895-жылдын 9-февралында волейбол оюнун ойлоп тапкан.

Энесайлык кыргыздардын өкүмдары Эренак 1680-жылдын 9-февралында орус воеводаларына кайрадан адамдарын жиберип, согушту токтотууну суранган. Мындан тышкары ал кыргыздардын орус мамлекетинин курамына кабыл алыныш маселесин көтөргөн. Эренак эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүш үчүн жана энесайлык кыргыздардын орус бийлигине киришине ортомчулук милдетти аткарууга жунгар калкынын өкүлү Барчекейди сунуш кылган. Бирок ал түнү эки тараптуу сүйлөшүү аз жерден бузула жаздаган. Орус жоокери лагерге бейчеки кирген кыргызды өлтүрүп койгондугуна байланыштуу кыргыздар тарап кетүүгө камынып, сүйлөшүү жүрүшү кайрадан оордоп кеткен.

Ысыккөлдүк бугулардын Россия империясынын букаралыгына кириши менен алардын салттуу башкаруу бийлигинде олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн. Эми бугу уруусунун башына улук бий коюлган. Орус администрациясы жогорку кызматка теги жагынан жогору турган, чарба турмушу бай, кыргыздар арасында таасири бар жана орус өкмөтүнө берилген адамды тандаганга аракет жасаган. Империянын Аскер министри Д. А. Милютин 1865-жылдын 9-февралында Батыш Сибирь генерал-губернатору А. О Дюгамелге Бугу уруусунун манаптык мансабы жана ага жүктөлчү кызмат туурасында көрсөтмө берген. Аскер министринин көрсөтмөсүндө, аталган кызмат 1865-жылдын 1-январынан тарта ачылып, мамлекеттик казынадан бир жылдык маяна үчүн 343 рубль бөлүнгөндүгү белгиленген.

Пишпек областтык балдар комиссиясы 1926-жылдын 9-февралында кароосуз калган балдар үчүн түнөк үй ачкан. Түнөк үйдүн ачылышы менен Дин адамдар союзу кароосуз калган жеткинчектерге күнүнө 20 адамдык бекер тамак бере баштаган.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны 2006-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн. Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн күч структурасын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу маселеси талкууланган. Жыйында сүйлөгөн мамлекет башчысы Кыргызстанга америкалык бийлик системасындай күчтүү президент жана таасирдүү парламент керектигин билдирген.

Коопсуздук кеңештин 2006-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн жыйын ишине Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин катышышына тоскоолдук жасалган. Жыйын башталышында Коопсуздук кеңешке чогулган мамлекеттик кызматкерлер президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен спикердин ортосунда жүргөн кайым айтышууга күбө болушкан. Осол окуянын соңу парламент төрагасынын жыйындан чыгып кетиши менен жыйынтыкталган.

Айтылуу Петр I 1699-жылдын 9-февраль күнкү жардыгы менен Москва шаарында Буристер палатасы негизделген. Жардыкка ылайык, соода жана өндүрүштө иштеген адамдар воеводалардын бийлигинен чыгарылып, алар эми Москва шаарында бургомистерлерди шайлоого укук алышкан. Жаңы уюшулган биримдик сот ишин тейлеп, баалуу терилерден түшчү салыктарды бөлүштүргөн.

Петр I 1710-жылдын 9-февраль күнү Россия мамлекетинде жаңы тамгалар ситемасын киргизүү туурасында жардык жарыялаган.

Атактуу орус тарыхчысы Н. М. Карамзиндин «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 8 томдук китебинин биринчи китеби 1818-жылдын 9-февралында окурмандардын колуна тийген.

Америкалык У. Морган 1895-жылдын 9-февралында волейбол оюнун ойлоп тапкан.
Америкалык Дуайт Девис 1900-жылдын бул күнү теннис оюну боюнча эркектер командалары арасында дүйнөлүк чемпионатты уюштуруу демислгесин көтөргөн. Мындай мелдеш ушул жылдын август айында өткөрүлүп, ал Девистин кубогу деген аталышты алган.

Лондондук сот 1909-жылдын 9-февралында аялдардын укугун чектеген мыйзам чыгарган. Жаңы мыйзамга ылайык, эми аялдар ажырашуу укугунан айрылган. Ал түгүл эри аялын таштап кетсе да, адамзаттын ажайып жарымы ажырашуу маселесин козгой алган эмес.

Америка Кошмо Штаттарынын Атланта шаарында 1926-жылдын 9-февраль күнү мектептерде дарвиндик эволюция теориясын окутууга тыю салынган.

Экономикасынын кедери кетип бараткан Советтер Союзун сактап калууга зор салым кошкон КПСС Борбордук комитетинин генералдык секретары Ю. В. Андропов 1984-жылдын 9-февралында дүйнөдөн кайткан.

Советтер Союзунда өткөн граждандык согуштун кайталангыс каармандарынын бири - Василий Иванович Чапаев 1887-жылдын 9-февралында жарык дүйнөгө келген.

Атактуу театр ишмери жана новатору Всеволод Эмильевич Мейерхольд 1874-жылы жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG