Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ЖК комитети АКШ абабазасын чыгаруу чечимин жактырды


Кыргыз өкмөтүнүн АКШнын Бишкектеги аба-аскерий базасын чыгаруу чечимин бүгүн Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети талкуулап, аны жактырган чечим кабыл алды.

Парламент өкмөттүн “АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2002-жылдын 4-январындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоорун 4-февралда алган. Долбоор боюнча комитетке маалымат берүү үчүн өкмөттүн атынан тышкы иштер министри Кадырбек Сарыбаев барды.

Өкмөттүн чечимин 11-февралда СДП фракциясы талкуулайт деп болжолдонууда. Калган комитеттер жана фракциялар бул маселеге качан кайрылаары бейдарек бойдон турат. Жогорку Кеңештин координациялык кеңеши бүгүнкү отурумунда ушул жана келерки аптага болжогон маселелердин арасында АКШ базасы боюнча өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун атаган жок.

Бул аралыкта мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасынын мөөнөтү узартылышы мүмкүн экенин болжоп, маселени парламентте кароонун чоюлуп жатышын ушуну менен байланыштырды. Экс-министрдин пикиринде, базанын тагдыры АКШ менен Орусиянын кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн көз каранды. Жекшенкулов "Азаттыкка" Мюнхен сүйлөшүүлөрү АКШ менен Орусияны бири-бирине жакындатты деп билдирди.

Өткөн жума күнү берген маалымат жыйынында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров базаны чыгаруу чечимин Кыргызстандын эч кимден көз карандысыз, жеке өзү кабыл алган саясий чечими деп билдирген.

Кыргызстанда жайгашкан антитеррордук АКШ аба-аскерий базасын чыгаруу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн бир тараптуу чечимин президент Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада иш сапары маалында жарыялаган. Бир жактуу чечимди президент тараптардын экономикалык компенсация боюнча тил табышуу болбогондугу менен негиздеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG