Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

АКШ базасын чыгаруу демилгесин ЖК комитети жактырды


Кыргыз өкмөтүнүн АКШнын Бишкектеги аба-аскерий базасын чыгаруу чечими боюнча мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети талкуулап, жактырды. Долбоорду комитетте өкмөттүн атынан Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев коргоду. Бардык комитеттерден жана фракциялардан өткөндөн кийин долбоор жалпы сессияга чыгарылышы керек. Өкмөттүн чечимин 11-февралда СДП фракциясы талкуулайт деп болжолдонууда. Калган комитеттер жана фракциялар бул маселеге качан кайрылаары бейдарек бойдон турат. Парламент өкмөттүн “АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2002-жылдын 4-январындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоорун 4-февралда алган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG