Президент Курманбек Бакиев өткөрө турган бул отурумда өлкөнүн Улуттук Коопсуздугунун Концепциясы каралганы жатат. Мындан тышкары айлана-чөйрөнүн акыбалы, экологиялык коопсуздукту камсыздоонун чаралары талкууланат. Бул тууралуу бүгүн президенттин өз администрациясы менен өткөргөн кезектеги жыйынында сөз болуп, ага даярдыктар талкууланды. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.(BuS)