Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

АКШ аба базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси жана Москвада кол коюлган орус-кыргыз келишимдери боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна ЖК депутаты Мурат Жураев жооп берди.

- Алгач АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба майданы тууралуу кеп кылсак, аталган аба базанын чыгарылышы боюнча кыргыз президентинин Москвадагы билдирүүсүн көпчүлүк терс кабылдап жатат. Анын үстүнө президенттин иш сапарынан аз убакыт мурда эле АКШ генералы Девид Петреус менен НАТО өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстанга келгенде базаны чыгаруу тууралуу эч кандай сөз айтылган эмес болчу. Президенттин ушул саясатына карата сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, Кыргызстан азыр ЖККУга, ШКУга мүчө. Америкалык база чыгарылат деген сөз көптөн бери болуп келген. Бирок мунун убактысы азыркы учурга туш келип калды. Себеби биз жогорудагы уюмдарга мүчө катары аларды “кет” деп айтышыбыз керек эле. Эми алар кетеби, кетпейби бул чоң суроо болуп атат. Менин оюмча, АКШ аба базасы азыр кетпейт. Себеби биз азыр бул маселени Орусиянын колуна берип койдук. Эми мындан кийин авиабаза калаар-калбасын Орусия чечет. Муну Кыргызстан чечпей калды. Канткен менен азыр Ооганстанда абал жакшы эместигин эске алсак менимче, АКШ аба базасы чыгарылбайт.

- Кечиресиз, Кыргызстан Орусиянын аймагы эмес, өзүнчө эгемендүү мамлекет да...

- Эгемендүү болгону менен баары бир кайсы бир чоң мамлекет менен жакындык болуш керек. Биз Орусия менен мурдатан бери жакын болгонбуз. Орусия президенти Д. Медведев өзбек президенти И.Каримов менен жолукканда дагы чоң маселе көтөрүлгөн. Бирок анда козголгон Нарын дарыясына чек аралар аралык деген статус берүү маселеси биздин эгемендүүлүгүбүзгө чоң зыян тийгизе турган маселе. Ошон үчүн Камбар-Атанын курулушуна кредит алуу дагы менимче, Орусия жакка ыктаганыбыздан улам болуп атат.

- Сиз өткөндөгү парламенттик талкууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн Орусиянын 2 млрд. доллар берип атканы туура, бирок ошол эле учурда сууга көзөмөлдүк кылууну колдон чыгарбашыбыз керек деп айттыңыз эле. Бирок айрым саясатчалырдын айтканына ишенсек, Орусия ГЭСти дал ошол сууга ээлик кылуу максатында курууга жанталашып жатат. Келечекте мындай болбошуна сиздин көзүңүз жетеби?

- Биринчиден, Орусия ошол Камбар-Ата -1ге кожоюн болуп калышы мүмкүн. Анын аркасынан Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан суу боюнча Орусияга көз каранды болуп калат. Ошон үчүн бул Орусиянын чоң саясаты. СССР маалында да ушундай болгон. Бирок ГЭС бизге карашы үчүн сууга көзөмөлдү Кыргызстандын өкмөтүнө бериш керек. Себеби суу мазут, көмүрдөй эле, ТЭЦтин генераторун айлантыш үчүн ошол жерде мазут менен көмүрдү иштетет эмеспи. ГЭСте болсо андай милдетти суу аткарат. Ошон үчүн мыйзам боюнча сууну бөлүштүрүүнү Кыргызстанга калтырыш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG