Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү боюнча “Нарынсуу энергокурулуш” ишканасынын жетекчисинин орунбасары Адылбек Дарбышев “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Алгач өзүңүздөр куруп жаткан Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу тууралуу кеп кылсаңыз, курулуш кандай жүрүп жатат, өткөн жылы айлык акынын аздыгынан кээ бир адистер кетип калды деген маселелер айтылып атты эле?..

- Эми турмушта ар кандай боло берет экен да, ар жерде, ар кандай жагдайда иштеп келген жумушчуларды чакыруулар болуп жатат, иштеп жаткандардын башка жакка кеткендери да бар. Бирок азыр курулуштун ыргагы аябай жакшы эле деп эсептейбиз. Алдыбызга койгон пландарды аткарып атабыз. Эми Кудай буюрса быйыл жардыруу ыкмасы менен суу бөгөй турган платинаны орнотуу ишке ашат деген ойдобуз.

- Мамлекеттин күчү менен курулуп аткан ГЭСтин биринчи агрегаты быйыл 22-декабрда ишке киргизүү болжолдонгон болчу, буга жетишебизби?

- Жетишкенге аракет кылып жатабыз. Эгер бизге келе турган жабдыктар өз убагында келип, анын төлөмдөрүн өз убагында аткарсак койгон максаттарга жетишебиз деп ойлоп атабыз.

- Азыркы учурда курулуштун канча пайызы бүтүп калды?

- Азыркы күндө 60 пайызы бүтүп калды.

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, ага бөлүнүп аткан 1 млрд. 700 млн. доллар тууралуу түрдүү пикирлер айтылып атат, сиздер деле кабардар болсоңуздар керек. Ушул Камбар-Ата-1-2 ГЭСтерин, Токтогул ГЭСин иштетүүгө Нарын дарыясынын күчү жетеби деген суроо туулат. Бул биринен-бири чоң болуп аткан ГЭСтерди суу менен толтуруу үчүн канча убакыт талап кылынат?

- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусиянын президенти менен биздин президенттин 1 млрд. 700 млн. долларлык келишимге кол коюшуна биз да абдан кубанып жатабыз. Кыргыз акчасына которгондо бул 70 млрд. сом болот экен. Камбар-Ата-1ге биздин гидрокуруучулар да иштегенге даяр болуп турат. Суу албетте жетишет. Себеби Камбар-Ата ГЭСтери Токтогул ГЭСинен бийик турат. Алардын суу сактагычы дагы Токтогул ГЭСинен кичинерээк. Ошон үчүн тиги жакта биринчи ГЭС иштеп сууну топтогондон кийин, ошол эле суу электр кубатын чыгарып туруп, анан Токтогул ГЭСинин суу сактагычына куюлат. Ошол эле сууну Токтогул ГЭСи иштетип, дагы электр кубатын чыгарып, ошондо электр энергиянын чыгарылган пайызы абдан көбөйөт, анан бир эле суу менен эки чоң ири ГЭС электр энергия чыгарганга жетишет. Эми азыр суунун азайып кетиши - табияттын мыйзамы, себеби ушундай мезгил болот экен да 10-12 жылда суу азаят, кийин кайра көбөйөт...

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG