Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жекшемби күнү (8-февралда) Латвияга иш сапары менен келди. Дүйшөмбүдө (9-февралда) кечке жуук Эмомали Рахмон иш сапары менен Брюсселге келүүдө. Анда тажик лидери Белгиянын премьер-министри жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Январдын соңунда расмий Дүйшөмбү менен Кремл ортосундагы мамилелерде жарака кеткени байкалган. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанга иш сапары менен барган маалда Борбордук Азияда ГЭС куруу маселеси тууралуу сөз кылып, коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыктары да эске алынышы керектигин айткан. Расмий Дүйшөмбү мындай мамиле Тажикстандын кызыкчылыгына төп келбесин билдирген.

Ушундан бир нече күн өткөндөн кийин тажик президенти Орусияда өтөөрү белгиленген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана ЕврАзЭШтин саммиттерине катышпайт экен деген маалыматтар тараган. Бирок акыр аягында Рахмон Москвага барып, бул саммиттерге катышкан.

Ошол эле маалда расмий Дүйшөмбү Батыш өлкөлөрүнө достук ишарасын жасады.

Кыргызстан өкмөтү “Манас” аба майданындагы АКШнын аба базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алып, Москвага бир тараптуу ыктап жаткан маалда, Тажикстан 6-февралда НАТОнун аскердик эмес жүктөрүн Ооганстанга жеткирүү үчүн өз аба мейкиндигин колдонууну сунуштады.

Бул сунуш Ооганстандагы аскердик иш-аракеттерди ийгиликтүү ишке ашырууда аймактык колдоого муктаж болуп турган НАТО жана Вашингтон үчүн өзөктүү мааниге ээ.

Байкоочулардын баамында, Брюсселге сапары маалында президент Рахмон Евробиримдик жана НАТО менен жакшы мамилелерди түзүүгө аракет жасайт, ошондой эле экономикалык жана каржылык жардам үчүн Ооганстанга колдоо көрсөтүүнү сунуштайт. Дүйнөлүк экономикалык кризистен улам оор абалда калган Тажикстан Рогун ГЭСинин курулушун соңуна чыгаруу үчүн чет элдик инвестицияга мажбур болуп турган чак.

Москвалык серепчи Артем Улуняндын айтымында, расмий Дүйшөмбү тышкы саясатынын багытын өзгөртүүгө кам урууда:

- Ушул тапта Дүйшөмбүнүн тышкы саясатында Евроатлантикалык багыт негизги багыт болгонун белгилей кетиш керек. Мындан сырткары бул саясий гана эмес, экономикалык да маселе. Себеби Тажикстанда гана эмес, жалпы Борбор Азияда түзүлгөн кырдаал бул өлкөлөрдүн жетекчилигин тышкы саясаттагы багытын кайра карап чыгууга мажбур кылууда. Тажикстан үчүн биринчи кезекте Евроатлантикалык ынтымактан экономикалык жардам алуу максаты турат. Экинчиден, ал АКШ менен мамилелерди бекемдөөгө умтулат.

9-февралдан 11-февралга чейин улана турган сүйлөшүү маалында Брюссел менен Рахмон Тажикстандагы жана Ооганстандагы коопсуздук кырдаалын талкууламакчы. 10-февралда Эмомали Рахмон Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу, Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Хавиер Солана, 11-февралда болсо - НАТОнун Баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолугушмакчы.

Тажик президентинин Европага сапары жекшемби күнү (8-февралда) Латвияга иш сапары менен башталды жана 13-февралда Эстония менен аяктайт.
XS
SM
MD
LG