Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Бийлик менен сүйлөшүүгө оппозиция атайын топ түздү


Бириккен Элдик Кыймылдын саясий кеңеши 9-февралда жыйын куруп, анда бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Мукар Чолпонбаев башында турган юристтердин тобун түздү. Юристер сүйлөшүүдө оппозиция лидерлерине жасалып жаткан саясий куугунтукту далилдеп берүүгө аракеттенет. 6-февралда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон бийлик өкүлдөрү Турдакун Усубалиев баш болгон бир топ аксакалдарды кабыл алып, анда бийлик менен оппозициянын ымаласы, оппозиция лидерлеринин саясий куугунтукка алыныш маселелери талкууланган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG