Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

И.Исаковго каршы козголгон кылмыш иши сотко берилүүнүн алдында турат


Бул тууралуу Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн ал Исмаил Исаков менен Башкы прокуратурага суракка келет. Ал жерде Исаковго каршы козголгон үч кылмыш иши бириктирилип, сотко берилүүнүн алдында турат. Исаков ага козголгон кылмыш иштерди президент тарабынан уюштурулган саясий куугунтук катары баалоодо.Мурунку коргоо министри жана коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковго аскер майрамдарына каражат бөлүнгөн жана Балыкчыда аскердик бөлүктө техника жоголду деген кинелер менен кылмыш иши козголгон.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG