Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз өкмөтү парламентке АКШ базасы боюнча дагы 11 долбоорду берет


Булар - антитеррордук коалициянын алкагында Кыргыз өкмөтү менен түзгөн 11 мамлекеттин келишимдерин денонсациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорлору.
Кыргыз өкмөтүнүн паламенттеги өкүлү Мырза Капаровдун кечээ Парламенттин Коопсуздук, коргонуу комитетинде билдиргенине караганда бул мыйзам долбоорлору парламенттин кароосуна ушул аптанын этегине чейин берилет. Кыргызстан 2001-жылдын этегинде базаны жайгаштыруу боюнча АКШдан тышкары коалицияга кирген Нидерланды, Канада, Италия, Түркия, Жаңы Зеландия, Дания, Испания, Франция, Автстралия, Түштүк Корея, Норвегия мамлекеттери менен эки тараптуу макулдашуударды түзгөн. 4-февралда парлмаентке берилген АКШ менен макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун кечээ парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитети талкуулап, жактырган. Парламенттин бул аптадагы жалпы сессиясынын күн тартибине бул маселе кирген жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG