Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

ЖКК: Кыргызстанда журналисттердин иштөө шарты начарлап кетти


Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча “Прессага чабуул - 2008” аттуу жылдык жаңы баяндамасында белгиледи.
Мындай баага далил катары уюм журналист Алишер Саиповдун өлүмүн иликтөөнүн жыйынтыксыз бойдон калып жатышын, тергөөнү токтотуу аракеттери, “Алиби”, “Дефакто” көз карандысыз гезиттерине каршы кылмыш иштери ачылып, гезиттер жабылганын, беш жылга кылмыш жообуна тартылуу коркунучу бар “Дефакто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекованын өлкөдөн күзүндө чыгып кеткендигин келтирген. “Телеберүүлөр жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышы Улуттук телеканалды реформалоону чектөө катары белгиленген. Журналисттерди коргоо уюму ошондой эле УТРКнын жыл этегинде “Азаттык” үналгысын уктурууну токтотушун, “Азаттыктын” Советтер Союзу кулагандан кийин кайра кыска толкунга кайтып барышын сөз эркиндигинин чектелишинин далили деп эсептеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG