Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Меламинди иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия жыйынтык чыгара элек


Бул туурасында "Азаттыкка" Жогорку кеңештин депутаты Динара Молдошева билдирди. Анын айтуусунда, бул комиссия эки жума аралыгында меламинге шектелген ундун тагдыры туурасында жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Буга чейин айрым массалык маалымат каражаттарында, Аламүдүн базарында меламин кошулган ундар сатыкка чыкты деген шектенүүлөр болуп жаткандыгы айтылган. Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлөн Исаков бул маалыматты четке кагып, ундарда меламин жок деп кепилдик берди. Ал Аламүдүн базары текшерилип чыгып, андай шектүү ундар сатыкта жок экендигин тастыктаган.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG