Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

10-февраль: Тарых барактары


1996-жылдын ушул күнү өткөн жалпы элдик референдумда өлкө баш мыйзамы кескин өзгөрүүгө дуушар болуп, президенттик бийликтин ыйгарым укуктары кескин жогорулаган.
1996-жылдын ушул күнү өткөн жалпы элдик референдумда өлкө баш мыйзамы кескин өзгөрүүгө дуушар болуп, президенттик бийликтин ыйгарым укуктары кескин жогорулаган.

Кыргызстандын Негизги мыйзамы 1996-жылдын 10-февралында өткөн жалпы элдик референдумда кескин өзгөрүүгө дуушар болгон. Индеец мая калкынын ишенимине караганда Кудай бул күнү Жерди жараткан имиш. Айтылуу орто кылым окумуштуусу Махмуд аль-Кашгари 1074-жылдын 10-февраль күнү «Дивани лугат-ат түрк» чыгармасын жазып бүтүргөн.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын V съезди 1949-жылдын 10-февралында ишин баштаган.

Үч күнгө уланган Кыргызстан коммунисттик партиясынын VII съезди 1954-жылдын 10-февраль күнү республиканын коомдук-экономикалык маселелерин талкуулого киришкен.

Кыргызстандын Негизги мыйзамы 1996-жылдын 10-февралында өткөн жалпы элдик референдумда кескин өзгөрүүгө дуушар болгон. Адистердин айтымында, бул жолку түзөтүү жана толуктоолордун натыйжасында Кыргызстан парламенттик-президенттик республика формасынан толугу менен президенттик өлкөгө айланган. Конституциялык өзгөртүүгө ылайык президенттик бийлик ыйгарым укуктары кескин жогорулаган. Эми мамлекет башчысы өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктайт сыяктуу укуктарга ээ болгон.

Ысык Көл областтык мамлекеттик администрациясы 2003-жылдын 10-февралында «Интеллектуалдык менчик туурасындагы мыйзамды аткарууга» багытталган токтом кабыл алган. Областтык администрациянын токтомунда райондук бийликтен тарта, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерине чейин интеллектуалдык менчикти коргоо ишине көмөктөшөөрү белгиленген. Мындан тышкары областтык укук коргоо органдары менен областтык бажы инспекциялары мекчикке байланышкан укук бузууларга жол бербөө маселелери каралган.

Мамлекет башчысы менен мыйзам чыгаруу органынын ортосундагы тирешүү 2006-жылдын февраль айында туу чокусуна жеткен. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 10-февраль күнкү депуттарга кайрылуусунда, мамлекет башчысынын мыйзам чыгаруу органына катата айткан сын пикирин кабыл албастыгын билдирген. Спикер мыйзам чыгаруу органы жемиштүү иштеп жаткандыгын белгилеп, жыйын кабыл алган 70 чамалуу мыйзам мамлекет башчысынын кол коюсун күтүп жаткандыгын айткан.

Кыргызстандын борборунда өткөн «Алматея – Борбор Азиядагы аял” аттуу кинофестиваль 2008-жылдын 10-февраль күнү ишин жыйынтыктаган. Борбор Азиядан чогулган киночуларга, адистер менен искусство таануучуларга аялдар маселесине арналган он даректүү тасма көрсөтүлгөн. Кинофестиваль алкагында “Бейөкмөт уюмдарга тартылган аялдар” жана “”Сулуулук бурчу” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлгөн. Борбор Азиядагы аялдарга арналган ийримди Венадагы “Dialog Central” уюму уюштуруп, анын максаты искусство аркылуу аймактагы аял затына тиешелүү көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан кинофестиваль 10-февралда өткөн «Кинодогу гендер маселеси» деген аталыштагы тегерек стол менен соңуна чыккан.

Айтылуу орто кылым окумуштуусу Махмуд аль Кашгари 1074-жылдын 10-февраль күнү «Дивани лугат-ат түрк» чыгармасын жазып бүтүргөн.

Индеец мая калкынын ишенимине караганда Кудай бул күнү Жерди жараткан имиш.

Россия Федерациясында бүгүн атактуу акын Александр Сергеевич Пушкинди эскеришет. Теңдешкис акын мындан бир күн мурун, 1837-жылы Дантес менен эрөөлдө оңолгус жаракат алган. Эрөөл Санкт-Петербургдагы Черная Речка жергесинде өткөн.

Россия Федерациясында бүгүн дипломатиялык кызматкерлердин күнү катары белгиленет. Профессионалдык майрам 2002-жылы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин 200 жылдык маарекесинин урматына чыгарылган жардык менен бекемделген. Архивдик материалдарга караганда, 1549-жылдын 10-февралында биринчи элчилик буйрук жарыяланган жана дипломатиялык кызматкерлердин майрамы да ушул күнгө туштай белгиленээри аныкталган.

Айтылуу орус акыны, Нобель сыйлыгынын лауреаты Борис Леонидович Пастернак 1890-жылдын 10-февралында жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG