Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте инвазиянын таралышын алдын алуу боюнча тегерек үстөл өтөт


Бул туурасында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Ольга Гребенникова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы Баткен облусунда изилдөө иштери жүргүзүлүп, анда балдардын 70 пайызынын организминде ушундай мите курттары бар экендиги аныкталган. Ал эми 20 пайызында алардын үч-төрттөн түрлөрү бар экендиги катталган. “Балдар сууну арыктан ичишет, колдорун жуубайт. Ошонун баары эле тазалык маданиятынын жоголуп бара жатканынан кабар берет. Бул жылы биз республиканын бардык аймактарын изилдөөнү максат кылуудабыз”,- дейт ал. Инвазияга каршы күрөшүүгө багытталган тегерек үстөл маек 12-февралда Бишкекте өткөрүлөт. Ага Швейцария Тропикалык медицина институтунун адистеринин катышуусу күтүлүүдө. Инвазия - бул микроорганизмдер. Бул курттар оору катары эсептелбегени менен, билинбестен адамдын организминде көбөйүп, өзгөчө балдарды алсыратып, ден соолугуна кедергисин тийгизет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG