Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Өзгөндүн Кандаба айылында көчкү жүрүп, жүздөй үй-бүлө таза суусуз калышты


Кандаба айылынын жашоочулары «Азаттыкка» маалымдашынча, 9-февралда кечке маал күтүүсүздөн жер көчкү жүргөн. Бактыга жараша өлүм-житим жана олуттуу зыян жок. Болгону 50 метрдей суу кууру талкаланган. Мунун айынан айылдын жүздөгөн туругндары таза суусуз калышты. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин бөлүм башчысы Сайпидин Момунов кырсык баскан кыштакта өзгөчө кырдаал министрлигинин оперативдүү тобу иштеп жаткандыгын, апаат кесепетин четтетүү боюнча чукул чараларды көрүшөөрүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG