Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

БЭКтин өкүлдөрү президент менен жолугушууну көздөөдө


Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрү жакын арада президент Курманбек Бакиев менен жолугушууну болжошууда. Анда негизинен оппозициядагы саясатчыларды куугунтуктоону токтотуу талабы коюлмакчы.

БЭКтин мүчөлөрүнүн президент Курманбек Бакиев менен жолугушууну болжоп жаткандыгына өлкөдөгү кадыр-барктуу аксакалдардын демилгеси таасир берди, дейт өлкө башчысы менен жолугушууга баруучу топтун жетекчиси Мукар Чолпонбаев. Анын айтымында, оппозиция өкүлдөрү Курманбек Бакиевден саясий куугунтукту токтотуу талабын коюшат.

- БЭКтин мүчөлөрү негизинен президенттен мыйзамдуулукту сактоону жана оппозицияга саясий куугунтуктоону токтотууну талап кылабыз.

Мукар Чолпонбаев белгилегендей, Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши ачылып кайра жабылышы, Эркин Бөлөкбаевге, Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго кылмыш ишинин козголушу жана анын иниси Таалай Жекшенкул уулунун тартип коргоо органдары тарабынан камалышы бийликтин ар кандай жолдор менен кысымга алып, саясий куугунтукту күчөтүшүн айгинелеп турат. “Мындан сырткары оппозициядагылардын балдарын, жакын туугандарын, санаалаштарын коркутуп-үркүтүү, өздөрүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ашкерелеп жаманатты кылуу сыяктуу ыпылас ыкмалардын аягы жакшылыкка алып барбайт”, - дейт Мукар Чолпонбаев.

Кыргыз эл баатырлары Турдакун Усубалиев, Сүйүнбай Эралиев, Мамбет Мамакеев, Сооронбай Жусуев баш болгон белгилүү окумуштуулар менен эл жазуучулары президент Курманбек Бакиевге өлкөдөгү чыңала баштаган коомдук-саясий абалга тынчсыздануу билдиришип, оппозицияга саясий куугунтукту токтотуу талабы менен кайрылуу жолдошкон. Алар менен мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жолугушуп, кыргыз бийлиги саясий көз карашына карабай ар бир кишинин пикирин угууга, оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин баса белгилеген.

Буга чейин Акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырып, талаш маселени диалог аркылуу чечүү зарылдыгын айткан эле. Акыйкатчы оппозиция өкүлдөрүн президент кабыл алып, алардын жүйөөлөрүн угуп, оң жыйынтык чыгарат, деген ишенимде.

Коомдук ишмер, экс-депутат Бегиш Ааматов болсо оппозиция өкүлдөрү менен президенттин жолугушуусунан эч бир жыйынтык чыкпайт деген көз карашта.

-Булар өлкө үчүн иштеп жаткан жери жок. Оппозициясы дагы, бийлиги дагы. Алар мунасага келгенде эмне, келбегенде эмне. Бары бир булардан эч нерсе чыкпайт. Аскар Акаев жана анын айлана-чөйрөсүнүн 15 жылдык жасаган коррупциясын азыркы бийлик ачыкка алып чыккан жок. Жабылганы жабылган бойдон калды. Кумтөр алтын кени эч нерсе болгон жок, Үзөңгү-Кууш эч нерсе болгон жок, Аксыда тынч элге ок аткандар эч бир жоопко тартылган жок. Конституцияны бузгандар эч нерсе болушкан жок. Азыркы оппозиция дагы аларды ачыкка алып чыгып, ашкере кылабыз деген жери жок. Булар болгону бири-биринен кызмат талашып эле жүрүшөт.

Айрым талдоочулар президент Курманбек Бакиев эгерде оппозиция өкүлдөрүн кабыл алып калса, аларга көп нерселерди убада кылып, жылуу сөзүн айтып, жайкап туруп “эшиктен” чыгарып коёрун айтышууда. Кээ бир байкоочулар болсо бул жолугушуудан кийин оппозициянын ич-ара ыркы кетип, бийлик тарапка оогондору четтен чыгат деген баасын беришүүдө.

БЭКтин штабынан билдиришкендей, кыймылдын мүчөлөрү менен президенттин алдыдагы болжолдонуп жаткан жолугушуусунун мөөнөтү, форматы такталып, жакын арада өлкө башчысынын администрациясына жолдонот.

XS
SM
MD
LG