Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Президент макулдашууларды ратификациялоо мыйзамдарына койду


Бүгүн Президент Бакиев Камбарата-1 ГЭСинин курулушу боюнча Кыргызстан-Орусия өкмөттөрүнүн макулдашуусун ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ушул эле күнү президент эки өкмөттүн мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Орусияга карызынын калганын кечүү жөнүндөгү, мамлекеттик кредит берүү жөнүндөгү макулдашууларын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду.
Макулдашууларды кыргыз парламенти 6-февралда ратификациялаган. Бул макулдашуулар 3-февралда Москвада кабыл алынган. Аларга ылайык Кыргызстанга Орусия 1,7 млрд. доллар инвестиция, 300 млн. доллар кредит жана 150 млн. доллар грант берип, 193 млн. доллар карызын кечип, ордуна “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алышы керек. Эми бул макулдашуулар Орусия парламентинде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG