Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Эмилбек Каптагаевдин соту башталды


Эмилбек Каптагаев Элдик курултайда сөз сүйлөөдө. Бишкек, 2008-жылдын 29-ноябры.
Эмилбек Каптагаев Элдик курултайда сөз сүйлөөдө. Бишкек, 2008-жылдын 29-ноябры.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Э.Каптагаевге байланышкан ишти Каракол шаардык соту карап баштады. Өткөн жума күнү башталган бул соттук териштирүү эми 12-февралда уланат.

2003-жылы Башкы прокуратура ошол кездеги Ысык-Көл губернатору Э.Анапияев менен капиталдык курулуш жана инвестиция тартуу башкармасы Долубаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгогондо ошондогу губернатор орун басары Э.Каптагаев анда күбө катары суралган эле.

Эмилбек Каптагаев 2008-жылдын 17-мартында Аксынын Кара-Жыгач айылында өткөн элдик сотто Аксы окуясына К.Бакиевдин күнөөсү бар деп чыккан өкүмгө кол койгону үчүн, Ысык-Көлдөгү “Акыл Ордо” коомдук кеңешине төрагалык кылып, Каркыра жайлоосу менен 4 пансионатты Казакстанга бербөө маселесин көтөргөнү үчүн, дегеле акыйкаттыкты айтканы үчүн эми кылмышкер катары суралып атканы айтылууда. Каптагаевди Башкы прокуратура губернатор менен биригип мыйзам бузган деп айыптап, 2008-жылдын 13-октябрында кылмыш ишин козгоп, 4 ай тескеген соң иш сотко өткөн.

Сот ишин Каракол шаардык сотунун судьясы Мадамин Азимжанов карады:

- Бул жерге соттолуучулар жана жактоочулар эле келиптир, прокурор администрация өкүлү кана, ал чыгым боюнча далилдеп бериш керек да, биз буларды сурай берели, ага чейин келип калсын.

Бирок соттун мындай талабы аткарылбай, облустук бийликтен эч ким келбей койду.

Мамлекеттик айыптоочу Үмүт Конкубаева Анапияев менен Каптагаев облусту башкарып турушканда кайра иштетүүчү жабдууларды сатып ийгени жана каржылык мыйзам бузгандыгы боюнча келтирген көрсөтмөлөрүн айыпталуучулар мойнуна алган жок. Териштирүү Каптагаевге келгенде чыр болуп аткан техникалар Анапияевдин жубайы Данакееванын заводунан кымбат баада сатылып келгени, аларды губернатор кайра сатууда, ал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусун көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы катары техника алуу, же аны сатуу боюнча тендер өткөрүүгө да укугу жана тиешеси жок экенин далилдеди. Анткени буга инвестиция тартуу боюнча башкармасы Долубаев кол койгону анык болду.

Ал эми кесме, сок чыгаруучу, жемиш кургатчу жабдыктар Ысык-Көлдөгү айыл өкмөттөргө эмнеге берилбей калганын Каптагаев төмөнкүчө чечмеледи:

- Адеп айыл өкмөттөр арыз берген, бизге ошондой техника керек деген, анан ал кредит аркылуу берилээрин укканда баары андан баш тартты, көрсө алар бекер деп ойлоптур.

Э.Каптагаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаевдин көрсөтмөсү боюнча, губернатордун орун басары катары Каптагаевдин ошондогу иш аракетинде эч кандай кылмыш түзүмү жок жана эч бир укук ченемдик актылар бузулган эмес болуп чыкты. Кумтөрдөн түшкөн акчаларды максатсыз пайдаланды деген кинеге капиталдык курулуш башкармасы Долубаев, администрациянын чарба иштеринин жоопкери Бозгунчиев сурак берип атат. Эми сотко 60ка жакын күбөлөр да чакырылмай болду. Ошондуктан 4 кишини териштирүү 3 күнгө созулат.

Сотко келген коомчулук муну Каптагаевдин саясый ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүш үчүн жасалган аракет деп жоромолдоп атат:

- Мындан 7 жыл мурда жабылган ишти кайра козгоп чыгып, юридикалык токтомдорду жокко чыгаргандан эле билинип турбайбы, бул атайын тапшырма менен болгон иш. Оппозициянын оозун басыш керек да. Биз Жети-Өгүздүктөрдүн келгенибиз, Акаев убагында эле Каптагаев биз менен кошо Кумтөр көйгөйүн коркпой эле көтөрүп чыккан, бул 2002-2004-жылдар болчу. Анда бу киши биздин райондо аким болчу. Демек Каптагаевди компенсация төлөтүүнүн алгачкы демилгечиси катары билебиз. Эгерде сот адилет чечпесе эл көтөрүлөт. Алтынды жеп кеткендер соттолбой, аны төлөткөндөр соттолсо чатак болот, жалпы кыргызстандыктар кыжыры келчү иш, - дейт “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева.

Бул иш 2003-жылы да бийликтегилердин тапшырмасы менен козголгонун мурдагы губернатор Э.Анапияев белгилеп өттү. Э.Анапияевдин айтуусунда, башкы прокурордун орун басары мурдагы кылмыш ишин кыскартуу боюнча токтомду 2008-жылдын 28-апрелинде эмне негиз менен жокко чыгарганы белгисиз. Сот иши эми 12-жана 13-февралда кайра уланат.

Айыпталуучулар да коомчулук да сот Мадамин Азимжановдон адилеттикти күтүп атат. Анткени Каптагаев буга чейин ишти карай турган Каракол шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Сулаймановдан баш тартып, катардагы сот Азимжановго ишеним арткан болчу.

XS
SM
MD
LG