Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

СД фракциясы АКШ базасына байланышкан маселени карабай калды


Парламенттин Социал-демократтары тараткан маалыматка караганда буга баяндамычынын келбей калышы себеп болду. Мурдагы маалымат боюнча АКШнын аба-аскерий базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча өкмөттүн чечимин ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча фракциянын бүгүнкү отурумунда Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат бермек. Мыйзам долбоорун эки күн мурун Парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитети талкуулап, жактырган. Өкмөттүн чечимин президент Курманбек Бакиев Москвага иш сапарынын учурунда 3-февралда жарыялаган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG