Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттин негизги темалары “Манас” авиабазасынын айланасындагы маселелер жөнүндө болду.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити адаттагыдай эле “президентке кат” рубрикасы аркылуу гезит кабарчысы Елена Агееванын “Сыймыктануу талгагы” деген макаласын жарыялады. Үзүндү келтире кетели: “Жолдош президент, сиз республиканын аймагынан Америкалык авиабазаны чыгаруу ниетин билдирериңиз менен Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Адахан Мадумаров бүтүндөй эл-журт алдында: “Менде 1-жолу Кыргызстандын атуулу катары сыймыктануу сезими пайда болду” деп айтканга шашты. Эгер мен Мадумаровдун ордунда болсом минтип айтканга оозум барбас эле. Анткени сыймыктанууга али эрте. Кокус база кетпей калсачы? Анда эле Адахан Мадумаров сыймыктана албай калган жатпайбы. Аттиң, араба деген аны сүйрөп жүргөн атынан мурда жүрбөшү керек эле, Курманбек Салиевич. Адахан деги эле сиздин түпкүрүңүздө эмнени айтарыңызды түшүнгөн жок. Ошон үчүн ар дайым жаңылат да, турат. “Тилекке каршы, биз АКШ менен түшүнүшө алган жокпуз” деп айтып атпайбы... Кыскасы сыймыктана тургандай деле эч балээ жок. Мадумаровдун жанын Ивановдун өлүмү менен керосин чачылган талаалардын түшүмү кыйнап жаткан болсо эмне үчүн авиабазаны тээ мурда эле жабуу маселесин койгон эмес. Мурда эле ошол маселени коюп, мурда эле сыймыктанса болот эле го?..” деп какшыктады.

Ошол эле учурда Орусия берип аткан акча Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жумшаларына ишенбегендер арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовдун оюнча, орус-кыргыз келишимин түзгөндөрдүн арасында “Электрстанциялар” акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбековдун, “Дастан” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Ширшовдун жүргөндүгүнүн өзү эле өлкөнүн эмес, баягы эле бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн келишим деп шектенгенге негиз берет. Ал ортодо К. Бакиевдин билдирүүсүнөн кийин парламентарийлердин айрым өкүлдөрү “аскер базасы” боюнча келишимди тез арада карап жиберели деп, “шымаланган сунуш” менен чыга калышты. Дагы жакшы, алардын демин өкмөттөн келген өкүл басып, бул оңой эмес маселеге олуттуу мамиле жасоого, адегенде комитеттер менен фракцияларда, анан барып пленардык кеңешмелерде карап чыгууга кеңеш берди. Бирок ушуну менен эле маселе чечилип, Американын аскер базасы апыл-тапыл кол булгалап, коштошуп чыгып кете бербейт. Көптөгөн эксперттер эми маселе атайылап эле создуктуруларын айтып жатышат. Ал эми бизге орусу болобу, АКШсы болобу, акчасы болсо болду деп жазды.

“МК Кыргызстан” экология маселесин баяндаган “Алтын” муз” деген макалага орун берди. Макалада непадам Жер шарындагы климаттын ысымай тенденциясы мындан ары карай улана берсе келечекте Кыргызстан 70 пайыз мөңгүсүнөн ажырап калары тууралуу кеп козголгон. Окумуштуу Рыскул Усубалиевдин айтуусунда кыргыз тоолорундагы мөңгүлөрдү Такла-Макан жана башка чөлдүү аймактардан урган куюндуу чаң-бороондор “жеп” келет. Ошону менен бирге эле окумуштуу Ысык-Көл өрөөнү аркылуу Кытайга агып өткөн Сары-Жаз дайрасынын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү пайдаланылбай жатканына, кытай тарап болсо миллиарддаган доллар салып ал дайрага 4-5 ГЭС курганы калганына көңүлдөрдү бурат.

“Курманбек Бакиевдин күтүүсүз белеги: АКШнын армиясына акыры чыга турган каалга кайда экенин көрсөттү. Курманбек Бакиев эч кимди, алтургай өз мекендештери тургай адамзатты да мынчалык таңгалдыра элек болучу”. Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити ушинтип жазып чыкты. Макалада кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин Медведов-Бакиевдин Кремлде биргелешип өткөргөн маалымат жыйыны... АКШ авиабазасы туурасында сөз болгон. Гезит ушул эле бетиндеги “Пентагон адегенде уккан кулагына ишенген жок” деген аталыштагы чакан маалыматында редакция базанын азыркы абалын билүү максатында “Манаска” телефон чалып, Бишкектин чечимин америкалык жоокерлер менен офицерлер билишеби, билсе кандай абалда болду экен сураганын, сураса:”Манас” авиабазасынын статусуна өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндө бизге АКШнын мамлекеттик департаментинен эч кандай ырасмий жолдомо келе элек, база кадимки калыбында, буга чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштеп жатат” деп жооп берди деп кабарлады.

“Тарых кээде фарс түрүндө кайталанат дегендин да чындыгы бар” деп жазган ушул эле гезит дагы бир куш тилиндей кабарында Ооганстандын президенти Карзай орус президенти Д. Медведовго кат жолдоп, орус танктарынын запастык бөлүктөрүн, анан да совет үлгүсүндөгү самолеттер менен вертолетторду сурап кайрылганын маалымдады.

“Ошентип Кыргызстанга “доллар жааганы” калды. Бирок бул байлыкты биздин аткаминерлер кантип пайдаланышар экен?” деп суроо койгон жумалык Кыргызстандын “Дастан” заводунун продукциясы же жашыруун болбой калган аскер торпедолору башынан эле орус технологиялары менен чыгарылып келатканын, эми Орусиянын “кириши” менен өндүрүш өр тартарын, Маскөө бул заводдун 48 пайыз акциясы үчүн 149,3 млн. доллар бермей болгонун белгиледи. Макалада андан ары курула турган “Камбар - Ата - 1” ГЭСи жагдайы жөнүндө сөз жүрөт. Бул курулуп калса Кыргызстан 6 млрд. киловатт-саат электр энергиясына, “Токтогулдан” сырткары 5млрд. куб сууга ээ болот. Муну менен ал коңшу Казакстан жана Өзбекстандын сууга чаңкаган талааларынын да талгагын кандырат.

ГЭС борбор Азия аймагынын энергетикалык эң эле ишенимдүү түйүнүнө айланат. Бирок бир гана опуртал жагы бар. Орусия өз кызыкчылыгын ойлоп, Кыргызстандын аймагынан түшкөн агын сууларга көзөмөл кылгысы келип көзүн кызартып турган Өзбекстан менен келишим түзө коюшу да мүмкүн... Эми ГЭСтин курулушу май айында башталууга тийиш. Курулуш узакка – 7 жылга созулат. Жакшы жагы – 15 миңден 18 миңге чейин жумушчу орундары түзулөт. Цемент-шифер заовдунун кереги ушунда тиет. Баса Маскөө менен Кыргызстандын келечекке таштаган кулачы өтө эле айбарлуу. Сүйлөшүүлөр маалында Чоң ГЭСтен башка дагы орто кубаттуулуктагы 38 гидроэлектрстанцияларды куруу тууралуу ойлор айтылды. Кыскасы орто жолдо күтүүсүз эле бир балакет болуп кетпесе Орусия Кыргызстанга эми чындап жүзүн бурду окшоп калды деп баяндады.
XS
SM
MD
LG