Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

К. Бакиев:Бийлик оппозициялык партиялар менен сүйлөшүүгө даяр


Бул тууралуу президент саясий партияларга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирип, ошол эле мезгилде бийликти күч менен алууну максат кылгандар менен сүйлөшүү татаал болорун белгиледи. Президент экономиканы өнүктүрүү жаатында оппозициялык партиялар так, аныкталган сунушун буга чейин бербегендигин билдирип, бирок, кандай болгон учурда да эшик ачык деди. Буга чейин 20дан ашык белгилүү инсан президентке кайрылып, оппозицияга куугунтукту токтотуп, тил табышууга чакырган. Анын негизинде БЭК дагы сүйлөшүүгө барарын айтып, бийлик менен сүйлөшүү үчүн топ түзгөнүн кечээ кабарлаган. Топтун жетекчиси Мукар Чолпонбаев жолугушууну бийлик дайындай тургандыгын, ошондуктан сүйлөшүү качан болору белгисиз экенин “Азаттыкка” билдирди. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG