Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Кыргызстан дүйнөлүк экономика менен тыгыз алакага кирбегендигинин пайдасын көрүп жатат


Кыргызстан каржылык кризиске батып кеткен мамлекеттер менен тыгыз экономикалык байланышы жоктугунун пайдасын көрүүдө. Бул жөнүндө президент Курманбек Бакиев бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында баса белгилеп айтты. “Кыргызстан дүйнөлүк экономикага өтө катуу интеграция болбогондугунун жакшы жагы да бар экен, көрүп атпайбызбы. Эгерде биз Россиядай же Казакстандай болуп тыгыз алакага кирип кеткенибизде, бизде азыр өтө оор болмок. Мунун ыңгайлуу жагын дагы пайдаланыш керек экен. Мына мунайзаттын баасы төмөндөп кетти. Күйүүчү майдын, бензиндин баасы төмөндөп жатат. Демек темир-тесектин баалары төмөндөш керек. Биз муну пайдаланышыбыз керек, турай жайларды курушубуз, жолдорду оңдошубуз керек. ...Биздин экономикабызга өтө оор залакасы тийип, кризис болуп, жумушсуздук көбөйөт дегенден алысмын”,-деп айтты президент. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG