Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Жалал-Абатта диний уюмдар тууралуу мыйзам талкууланды


Кеңешмеге облустагы дин жана билим берүү тармагы менен жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты. Аны дин агенттигинин түштүк аймагындагы бөлүмү өткөрдү. Анда молдо-имамдар мектептерге ислам окуусун киргизүү, бөлөк дин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн токтотуу, алардын адабияттарына тыюу салуу, мечиттердин жарык акысына каражат ажыратуу маселесин козгошту. Диний-экстремисттик уюмдар сыяктуу башка дин адабияттарын таркаткандарга да жоопкерчилик күчөтүлсүн деген сунуштарын айтышты. Агенттиктин Оштогу бөлүм башчысы Камбаралы Узаков жаңы мыйзамда жоопкерчилик жагы эске алынганын жана мечиттерге жер берүү токтотулганын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча, облуста мектептер менен мечиттердин саны теңдешип калды. Ислам халифатына үндөгөн “Хизб-ут Тахрир” партиясынын жактоочулары Жалал-Абат, Таш-Көмүр шаарлары менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорунун айылдарында ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзүүдө. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG