Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

12-февраль: Тарых барактары


Уинстон Черчилль «ноу коммент» деген учкул сөздү биринчи жолу 1949-жылдын 12-февралында айткан экен.
Уинстон Черчилль «ноу коммент» деген учкул сөздү биринчи жолу 1949-жылдын 12-февралында айткан экен.

Генерал-лейтенант Яковлевдин Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго жолдогон билдирүүсүндө Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет. Кыргызстан менен Кытай мамлекети ортосундагы чекараны тактоо маселеси 1881-жылдын 12-февралындагы Санкт-Петербург келишиминде аныкталган.

Улуу жүз казактардын приставы майор М. Д. Перемышльский 1854-жылдын 12-февралында Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Майор М. Д. Перемышльскийдин катында, аймакта абал бейпил жана кооптонууга негиз жок экендиги билдирлген. Анткен менен жаз айында ташкендиктер кол салат экен деген шыбыш кеп кыргыздар арасында айтыла баштагандыгын белгилеген. Аңыз кептин анык, жалганынан аныкташ үчүн ал кыргыздар арасынан ишенимдүү адамдарды таба тургандыгын кабарлаган. Мындан тышкары, ал Г. Х. Гасфордго Үмөтаалы Ормоновдун катын түп нускасында жана котормосу менен кошо салгандыгын кабарлаган.

Штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлевдин Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго жолдогон билдирүүсүндө, Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет. Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө колсала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында тастыктаган. Ошол эле кезде, ал акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши аларды чечкиндүү чара көрүүдөн баш тарта тургандыгын билдирген.

Кыргызстан менен Кытай мамлекети ортосундагы чек араны тактоо маселеси 1881-жылдын 12-февралындагы Санкт-Петербург келишиминде аныкталган. Санкт-Петербург келишиминде буга чейин Чугучак Протоколунда белгиленген кыргыз-кытай чегарасында орун алган өксүк маселелер кайра каралып, мурдагы келишимге айрым тактоолор киргизилген. Чугучак Протоколунда Россия империясы менен Кытай мамлекети ортосундагы чегара аныкталып, чегара кызматы, консулдук иш аракет, кыргыз-кытай соода мамилеси жана Кыргызстандын аймагынан өткөн чегара тилкеси тоо кыркалары, суу өрөөндөрү аркылуу өтө тургандыгы белгиленген. Ал үчүн эки тараптуу комиссарлар дайындалып, алар Кашгардан Ферганага чейинки чекти тактап, чегара белгилерин коюп чыгууга милдеттендирилген.

Кыргыз областтык элге билим берүү бөлүмү 1926-жылдын 12-февралында тармактык бюллетень чыгарууга киришкен. Бюллетень кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылып, анда билим берүү багытындагы материалдар, илимий-методикалык иликтөөлөр жарыялана баштаган.

Атагы кылым карыткан жана ургаачыдан чыккан кыраан кыздардын бири - Жанна д Арк 1429-жылдын 12-февралында француз королу Карл VII менен жолугушкан. Жанна д Арк королдон жек көрүмчү англичандарга каршы согуштун башына өзүн коюсун өтүнгөн.
Көп узабай Австриянын улуттук гимнине айланган «Кайзерди кудай сактасын» аттуу ыр биринчи жолу 1797-жылдын 12-февралында аткарылган.

Санкт-Петербургдагы азыркы Аскердик-медициналык академия 1799-жылдын бул күнү Медико-хирургиялык академия деген аталыш менен ачылган.

Автомашиналардын биринчи дүйнөлүк жарышы 1908-жылдын 12-февралында Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аянтынан старт алган. Алты автомобильдин алтоосу адегенде Сан-Франциского жетип, ал жерден кеме аркылуу Японияга, андан дагы кеме менен Россияга жкелишкен. Жарыш Россиянын чыгышынан уланып, андан ары Европа шаарларын аралап 26-июль күнү Парижде соңуна чыккан. Биринчи автомобиль жарышынын жеңүүчүсү Джордж Шустер 88 күн рулду башкаргандыгы маалым болгон.

Акыркы кытай императору Пу-и 1912-жылдын 12-февралында бийликтен баш тартып, Кытай республикалык өнүгүү жолуна түшкөн.
Сикорскийдин контрукциясына ылайык жасалган жана биринчи самолет эсептелген «Илья Муромец» 1914-жылдын 12-февралында 16 жүргүнчү менен абага көтөрүлгөн.

Айтылуу Египет өкүмдары фараон Тутанхамондун мумиясы археологиялык табылгадан кийин 15 ай өткөн соң 1924-жылдын 12-февралында ачылган.

Атактуу англис саясатчысы Уинстон Черчилль азыркы саясатчылар арбын колдонгон «ноу коммент» деген учкул сөздү биринчи жолу 1949-жылдын 12-февралында айткан экен.

СССР Министрлер Кеңеши 1955-жылдын 12-февралында континенттер аралык баллистикалык ракеталар менен жердин жасалма спутниктер сыноо максатында полигон ачуу туурасында Токтом кабыл алган. Өкмөттүн чечимине ылайык илимий -изилдөө жана сыноо аймагы катары азыр Байконур аталган Казакстандын аймагы тандалып алынган.

Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти жана республикалык партияны негиздөөчүлөрдүн бири - Авраам Линкольн 1809-жылдын 12-февралында жарык дүйнөгө келген. Америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналат.

Айтылуу англис натуралистти жана саякатчысы, «дарвинизм» аталган тирүү организмдердин эволюциялык өнүгүү теориясынын автору Чарльз Роберт Дарвин 1809-жылдын 12-февралында жарык дүйнөгө келген. «Маймыл теориясы» кудайдан корккон Ч. Дарвинди кызылдай материалист жана ашынган атеистке айландырган. Ошондон уламбы, ал «адамга мүнөздүү сапаттардын ичинен кызаруу белгиси - адамдык жогорку касиеттин бири» деп айтчу экен.
XS
SM
MD
LG