Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Нарында «Эстелик түбөлүк эмес, эскерүү түбөлүк» аттуу эскерүү аземи болду


Сагынбай Орозбак уулу атындагы облустук китепканада өткөрүлгөн ушундай аталыштагы азем советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 20 жылдыгына арналды. Анда китепкананын деректиринин орун басары Бурул Жумагулова Ооган жергесине советтик жоокерлердин киргизилиши тууралуу маалыматтык билдирүү жасады. Ошондой эле ооган жаңжалы тууралуу сүрөт тасма көрсөтүлдү. Ооган согушунун катышуучулары студенттердин жана окуучулардын суроолоруна жоопторду кайтарышты. Нарын облустук ооган согушунун ардагерлери коомдук уюмунун жетекчиси Жаңыбай Ыкласов Нарын облусунан 202 жоокер Ооганстанда кызмат кылгандыгын, алардын 14ү окко учканын билдирди.(KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG