Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Парижден репортаж: сүрөткердин глобалдык кризис менен "күрөшү"


"Кездешүү", Даима тарткан сүрөт, Додраси галереясы

"Кездешүү", Даима тарткан сүрөт, Додраси галереясы

Азыркыдай кыйын кезеңде дүйнө руханий кризиске учурайт дешет. Бирок адатта жупуну жашаган көркөм өнөр ээлери турмуш кыйынчылыгына көпчүлүктөн оңоюраак туруштук бере турган касиетке ээ болот окшобойбу.

Сүрөтчүнүн өнөрканасын мен так ушундай элестетээр элем. Сыртта уу-дуу жашоо, кафелер толгон киши; китеп дүкөндөрдө опут-топур эл. Ал эми Даиманын өнөрканасы мемиреген тымтырстыктын аралчасы сыңарында, көңүл сергиткен тымтырстык өкүм сүрөт. Дубалды бойлото кас-катар тизилген сүрөттөр. Кризис демекчи, ташкендик сүрөткер бир окуяны эскерди:

– Менимче, баары салыштырмалуу экенин ойлосоң, жашооң жеңилдейт. Биз үчүн биринчи кризис 1990-жылдардын башында болгон. Өмүрлүк жарым менен Францияга жаңы келгенбиз. Бизди жакшы кабылдашып, сүрөттөрүбүз жакшы өтүп жатты. Анан эле Перси булуңундагы биринчи согуш чыкты. Эл ичи уу-дуу. Ошондо биздин сүрөттөрүбүздү алып жүргөн тааныштарыбызга ыйламсырап бардык. Алар кезегинде Пикассо менен иштеген, 80 жаштардагы кишилер эле. Алар бизге "эч нерсе эмес, акчаңарды чачпагыла. Экинчиден, мындайды биз көп көрдүк, баары өтөт, кетет" дешти. Ошондо биз бул жашоодо крисиз кадыресе көрүнүш экенин түшүнгөндөй болдук. Кызыгы, дал ошол убакта биз "Флак" деген галерея менен иштештик. Ал галерея ошол согуштун мезгилинде эң кызыктуу көрсөтмөлөрдү уюштурушту. Согуш бүткөндөн кийин, ал жабылып калганы баарынан кызык болду.

Даима Париждеги өнөрканасында

Даима Рахманбекова Ташкендеги жана Москвадагы көркөм өнөр окуу жайларында билим алган. Күйөөсү да сүрөтчү. Эки

кызы бар. Үстүбүздөгү жумада анын сүрөттөрү Брюсселдеги Додреси көргөзмөсүндө бир катар башка сүрөткерлердин чыгармалары менен бирге коюлууда.

Бернадет Додреси 12-16-феврал күндөрү өтүп жаткан көргөзмөнүн уюштуруучусу. Ал "көркөм өнөр эч качан өлбөйт, дал азыркы кыйын кезеңде исскуство айрыкча керек" деп эсептейт.

Даиманын чыгармаларын эмне себептен тандап алганын сураганымда ал буларга токтолду:

- Мен ар кандай сүрөткерлер менен кызматташам. Алардын арасында кытайлык эки сүрөтчү бар. Менимче, ар кыл сүрөткер ар башка чөйрөдөн келет, алардын маданияты ар түрдүү. Даиманын сүрөттөрү да ушундай. Алардан мен Жибек жолундагы элдердин маданиятынын таасирин көрөм. Байыркы асирийлердин, фарсы поэзиясынын, чыгыш мистикасынын илеби келип турат. Бул сүрөттөр поэтикалык тымтырстыкты жаратып тургансыйат. Адамдын көңүлүн сергитет. Аларда поэтика эң таасирдүү элемент деп айтаар элем.

Даима көбүнесе назик мүнөз уландардын сүрөттөрүн тартат. Алар мага Ооганстан, Иранда илгертеден болуп келген баралына жете элек жаш бийчи балдарды эске салды. Бирөөнүн кулагында роза гүлү, кызыл-тазып түстөгү чапан жамындан экинчиси шарап ичип отурат. Ошондой эле гүл, чымчыктардын сүрөттөрү бар.

Киндик каны тамган жерден алыста жашаса да, Даиманын чыгармаларында Күн чыгыштын отурукташкан элдеринин таасири даана сезилет. Ошол эле убакта ал дүйнөлүк маданияттын чордону саналган Парижден да таасирленгенин мойнуна алат:

- Менимче, бул тууралуу Пикассо айтса керек. Ал Париж көздүн чылпагын кетирет деген. Башкача айтканда, Париж майда-барат, ашыкча нерселерди ылгап коет. Бизге ушундай маданий тазалануу керек болчу. Бул эми гүлдү бир жерден башка жерге көчүрүлгөндөй эле нерсе. Эгер ал тамыр алып өсүп кетсе, сүйүнүш керек. Албетте ал гүл башкача өсөт. Биз да бул жерде өзгөрдүк, алганын алдык, артык-баш нерселерден арылдык дегендей. Канткен менен бул бөлөк коом, бөлөк маданият. Анын жемишинен даам сызам десең, ал деңгээлге да жетиш керек. Бул көзгө көрүнбөгөн, жан тындырбаган эмгек.

Мен Даимага франциялык ашкере солчулдар иш таштоо уюштурган күндүн эртеси жолуктум. 29-январдагы жалпы улуттук иш таштоого 2 жарым миллион киши катышты. Кесиптик кошуундар 200 шаарда демонстрация өткөрүп, жумушсуздуктун өсүшү, турмуш деңгээлинин төмөндөшү жана айыктардын азайышы боюнча өкмөт жетиштүү чара көрбөйт деген дооматтарды коюшту. Гезиттер франциялык ашкере солчулдар өлкөдө революция баштоого даяр экендигин, элдин басымдуу көпчүлүгү аларды колдоп жаткандыгын жазып чыгышты. Мына ушундай дүрбөлөңдүү күндөрү ташкендик сүрөтчү өнөр канасынан чыккан жок:

- Өнөрканамда иш болсо, ошого кубанам. Ишим өзүмө ынайт. Кеп отуруп алып, сүрөт тартканда эле эмес. Мында энтузиазм жана көңүлдүн тынч болушу зарыл. Эгер ички дүйнөңүздө бейкуттук болсо, мунун баары кыйын эмес.

Даима Рахманбекова мекенине да барып турат. Өзбекстанда сүрөткерлер өз чөйрөсүнөн сыртка чыкпаганы менен, көркөм өнөр тармагында көп сүрөткерлер эмгектенип, изденип, өз өнөрүн өркүндөтүп жатканын көрүп, таң бергенин жашырган жок.

Даима Рахманбекованын сүрөттөрүн бул жерден көрө аласыз.

XS
SM
MD
LG