Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

БЭКтин Баткендеги штаб жетекчисинин үйү тинтүүгө алынды


Мындай маалыматты Бириккен элдик кыймылдын Баткендеги штаб жетекчиси Бакир Имаров 11-февралда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, анын үйүн кечээ түн жарымда милиция кызматкерлери тинтүүгө алышкан. Тартип коргоочулар БЭКтин штаб башчысынын үйүнөн кыймылдын 40 даана кайрылуу баракчасын таап, өзүн суракка чакырып кетишкен. Бакир Имаров мындан сырткары “Ата Мекен” партиясынын аймактагы өкүлдөрү да кайрылуу баракчаларын таркатып жүргөн жеринен күч кызматкерлери тартып алышкандыгын кошумчалады. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG