Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Иран: Ыңкылаптын отуз жылдыгы жана натыйжасы


Ирандыктар ислам ыңкылабынын 30 жылдыгын майрамдап жаткан учур. Тегеран, 10-февраль,2009-ж.

Ирандыктар ислам ыңкылабынын 30 жылдыгын майрамдап жаткан учур. Тегеран, 10-февраль,2009-ж.

Иран 10-февралда ислам ыңкылабынын отуз жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. 1979-жылдын бул күнү шахтын режими кулаганы расмий жарыяланып, бийлик утурумдук өкмөттүн колуна өткөн эле. Бирок Иран шахтын режиминен кутулганы менен өлкөнүн андан берки өнүгүүсү көргөзгөндөй, ыңкылап жана анын баштапкы талаптары уурдалып кетти. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун директор орун басары Аббас Жавади бул темага арналган комментарийинде мына ушундай ойлору менен бөлүшөт.

Отуз жыл мурдагы окуяларга көз чаптырсак, Ирандагы ислам ыңкылабы 1979-жылдын шах өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон жана аятолла Рухолла Хомейни сүргүндөн кайтып келген 1-февралында же шахтын режими кулатылганы расмий жарыяланып, бийлик утурумдук өкмөттүн колуна өткөн 10-февралында эле башталган эмес.

Ыңкылаптын оту андан бир-эки жыл мурда эле демонстрациялар, иш таштоолор, Хомейнинин сөздөрү жазылган тасмалардын өлкө боюнча таратылышы, өкмөт жактан болсо аскерлердин аларга каршы, кээде одоно жана катаал чараларынан башталган.

1979-жылга барып бул жалпы нааразылык атүгүл өзүн билимдүү деп эсептеген, улуттун тагдырын ойлогон адамдардын оюна келбеген нерсеге өрчүп жеткен. Шахтын режимине каршы кандайдыр бир аракеттерге оппозициядагы топтор эле эмес, интеллектуалдар, студенттер, жазуучулар, да тартылып калган эле.

Мындагы башкы жүйөө - эркиндик менен демократиянын жоктугу, саясий оппоненттердин камакка жана кыйноого алынышы болчу, бирок нааразылыкка чыгаары күтүлбөгөндөр оболу идеяга гана колдоо билдиришсе, кийинчирээк баары режимдин алмашуусун талап кылууга өтүштү. Көчөгө бир нече жүз эмес, миң эмес, миллиондогон адам: аялы да, эркеги да, карысы да, жашы да, жумушчусу, базарчысы, жумушсузу, баласы да, өспүрүмү да, өкмөттүк кызматкери да, акыр аягында падышалык армиянын офицерлери менен аскерлери да чыкты. Алардын баарын бир гана "шах кетсин" деген негизги талап бириктирди.

Учурда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун директор орун басар кызматын аркалаган Аббас Жавади Иранда отуз жыл мурда орун алган окуяларга өз көзү менен күбө болгон. Ал ошондо элди көчөгө жетелеген идеяларды мындайча эскерет:

- Мен да ал жерде болгом, атүгүл демонстрацияларга да баргам. Ислам же ислам республикасы жөнүндө эч ким сөз кылган эмес. Булар биз азыр көрүп жаткан нерселер. Эл Батышка, биз ошол кезде СССРди атагандай, Чыгышка көз каранды эмес Иранды, эркин жана демократиялык өлкөнү каалашкан. Шах бул үчүн негизги тоскоолдук эле. Себеби ал кыйла эле автократ жана диктатор болгон. Шахтын тушунда диктатордук режим өкүм сүргөн. Чынын айтканда интеллектуалдар арасындагылардын баары жаңы режим бери дегенде шахтыкынан жаман болбойт деп ойлошкон. Баштапкы талаптар демократия, эркиндик, шах кетүүсү, саясий партиялар, шайлоо эркин болуусу, адамдар ой-пикирин эркин билдирүүсү керек деген талаптар эле. Идеология, оңчулдар же солчулдар, коммунизм же капитализм жөнүндө эмес, демократия жана эркиндик жөнүндө гана болгон.

Бирок Аббас Жавади белгилегендей, мунун ичинен ыңкылаптын "шах кетсин" деген гана жалгыз талабы орундалды. Андан бери отуз жыл өткөнү менен Иран эркиндик жана демократия жок өлкө бойдон калууда. Муну себеби ыңкалаптан кийин бийликти шахка каршы кыймылдын символуна айланган аятолла Хомейнинин пландары менен буйруктарын аткаруучу негизги күчкө айланган, бирок өлкө башкаргыдай сабаты менен тажрыйбасы жок молдолордун ээлеп алганы.

Аятолла Хомейни болсо Ирандын саясий системасынын болочогу боюнча маселени референдумга "Ислам республикасы – мындан көп да, аз да эмес" деген ураан алдында алып чыкты. Калк муну жана шашылыш жазылган Баш мыйзамды, маңызын түшүнбөгөнүнө карабай, басымдуу көпчүлүк добуш менен колдоду жана ирандыктар баш мыйзамды суроо-сопкутсуз жактыруунун кесепетин ыңкылаптан кийинки отуз жылдан бери тартып келүүдө.

Андагы Конституция боюнча Хомейни өзүнө Жогорку жолбашчы деген макамды ыйгарган. Жогорку жолбашчы баарынан өйдө турат, армиядан баштап сотторго, тышкы саясаттан маалымат каражаттарына, билим берүүдөн шайлоого, соодадан айыл-чарбасына чейин бийлик жүргүзө алат. Бирок ал тарабынан шайланбайт, Сакчылар кеңеши деген орган тарабынан тандалат. Сакчылар кеңешинин мүчөлөрүн болсо кайра эле Жогорку жолбашчы өзү дайындайт.

Жаңы Баш мыйзамды жактыртып алгандан кийин болсо ыңкылапчыл бийлик Хомейнинин айланасындагы топтор тарабынан башкарылган диктатордук режимге айланды. Оппонент катары эсептелгендер акырындык менен бирок системалуу түрдө жок кылына баштады.

Шахтын өкмөтүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн көбү өлкөдөн ошол ыңкылап учурунда эле чыгып кетишкен. "1979-жылдын февралынын алдындагы же андан кийинки апталарда үйлөрүн шашылыш сатып, банктагы акчаларын шыпырып, өлкөдөн жүздөп, миңдеп кетип жаткан бай ишкерлерди, боюрократтарды, технократтарды көрүүгө болор эле",- деп эскерет Аббас Жавади өз комментарийинде.

Ал өлкөдө калган чиновниктердин, жогорку жана орто деңгээлдеги расмий өкүлдөрдүн, армия офицерлеринин бир нече жүзү кармалып, өлүм жазасына тартылган.

Репрессиялардын андан кийинки толкунунда бутага солчулдар менен улутчул уюмдар алынган. Алардын да миңдеген жактоочулары камалып, кыйноого алынып, өлүм жазасына кириптер болгон.

Андан соң кезек байыстуу турумду карманган мусулман топторуна, биринчи ыңкылапчыл өкмөткө кирген саясатчыларга жетти. Башында Хомейнини колдогон, бирок кийин анын жаңы саясий системасына каршы чыккан таасирлүү аятоллалар куугунтукталып, диний кийими конфискацияланып, түрмөгө түшүшкөн же үй камагында отурушкан. Хомейнинин биринчи премьер-министри Мехди Базарган бийликтен кулатылган соң, үй камагына кириптер болгон. Биринчи президент Абдолхасан Банисадр өлкөдөн чыгып кеткен. Башында Хомейни Жогорку жолбашчылыкка мураскер катары тандаган Аятолла Хоссеин Али Монтазери да кийин өмүрүн үй камагында өткөрдү.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун директор орун басары Аббас Жавади өз комментарийинде жазгандай, бул террор саясаты он жыл бою уланды. Ирак-Иран согушу аяктап, аятолла Хомейни дүйнөдөн өтүп, азыркы Жогорку жолбашчы Али Хаменейи куулук менен анын ордун мурастап калгандан кийин гана ыңкылапты уурдап кеткен башкаруучулардын айланасында жаңы топтор: прагматиктер, принципиалисттер, реформачылар жарала баштады.

Бирок Иран ыңкылаптан отуз жыл өтсө да эл шайлабаган, эч кимге жооп бербеген Жогорку жолбашчы, ал тандаган, бирок эл "шайлаган" президент тарабынан башкарылууда. Эркиндик да, азаттык да жок. Өнүккөн дүйнөдөн болсо өлкө обочодо калды. Мунайга бай өлкө өзү керектеген бензиндин 40%ын четтен импорттойт. Муну Аббас Жавади отуз жылдык мааракеси белгиленген иран ыңкылабынын негизги натыйжасы деп эсептейт:

- Ыңкылаптын негизги жыйынтыгы же натыйжасы - Иран Батыш дүйнөсүнөн үзүлгөнү. Бул дипломатиялык, ага катар экономикалык изоляцияга алып барды. Биз көрүп жаткандай адамдар бүгүн өзөктүк программага же саясатка байланышкан маселелерге эмес, биринчи кезекте күндөлүк турмушуна, жумушсуздукка, жакырчылыкка тынчсызданышууда.

Расмий маалымат боюнча Иранда жумушсуздук деңгээли азыр 12, ал эми жылдык инфляция 17%ды эле түзөт.

P.S. Макалада айтылган ойлор Аббас Жавадинин жеке пикири жана "Азаттыктын" көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG