Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Израилдеги парламенттик шайлоодо ким жеңгени алигиче белгисиз


Добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүттү. Ага ылайык, Кадима партиясына 120 орунду кнессетте 28 мандат тийиши ыктымал. Оңчул Ликуд 27 орун алат деп болжолдонууда. Эки партиянын тең лидерлери жеңгенин жарыялашууда. Кадиманын жетекчиси, тышкы иштер министри Ципи Ливни Ликуддун башчысы Беньямин Нетаньяхуну Кадима жетектеген коалицияга кошулууга үндөдү. Экс-премьер Нетаньяху болсо жаңы өкмөттү жетектей турганын айтууда. Ал үчүн Ликуддун лидери улутчул партиялар менен коалиция түзүшү мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG