Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды


Парламентте биринчи окууда кабыл алынган жогорудагы мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Алишер Мамасалиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү, эл аралык эксперттер менен талкууланып, бүгүнкү күндө керектөөчүлөрдүн укугун коргоого толук жооп берерин билдирди. Ошондой эле парламент “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун дагы жактырып,биринчи окууда кабыл алды. Бул мыйзам долбоорго ылайык согуш абалын жарыялоо боюнча президенттин жарлыгын парламент бекиткенден кийин гана согуш абалы киргизилет. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG