Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Б.Амиражановду табууга илинчек бар


Бул тууралуу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Норузбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевдин коммерциялык иштерине байланыштуу божомол боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал ошондой эле шейшемби күнү Акыйкатчы Турсунбек Акундун Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун төрт айдан бери дарексиз жоголгону боюнча ИИМ иликтөө иштери жыйынтык бербейт, деп сынга алганы негизсиз экендигин билдирип, бул боюнча тергөө-оперативдик амалдарды аткаруу активдүү улантылып жатканын белгиледи. Норузбаев өткөн жылы ички иштер органдарында 1800 адамдын дайынсыз жоголгондугу катталып, алардын ичинен 1749 адам табылганын, үстүбүздөгү жылы январь айында эле 96 адам дайынсыз жоголгондугу катталып, алардын 89у табылганын маалымдады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG