Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Кочкордогу А.Жекшенкуловду коргоо комитети президентке кайрылуу жолдойт


Кайрылууда “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловго карата саясий куугунтуктоону токтотуу талабы коюлган. Ошондой эле А.Жекшенкуловго жана анын жакындарына козголгон кылмыш иштери токтотулбаса саясий акциялар өткөрүүлөрү айтылган. Кочкор районундагы 876 адам кол койгон кайрылуу президенттин администрациясына жолдонот. Маалыматка караганда учурда Кочкор, Туз, Чолпон, Дөң-Алыш айылдарында Аликбек Жекшенкуловду коргоо комитети түзүлгөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG