Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Бишкекте Кыргызстандын тышкы карыздарына байланыштуу иш-чара өттү


Анда Кыргызстанга дүйнөлүк кризистин тийгизүүчү таасирлери, мамлекеттик карыздын туруктуулугу үчүн Орусиядан берилүүчү гранттык жана инвестициялык жардамы жөнүндө талкуу болду. Бул тегерек үстөлдү 10-февралда кызматташуу боюнча Швейцариялык бюросу, швейцариянын «Debt Relief International» консултанттык компаниясы жана Эл аралык валюта кору уюштурган. Жыйында дүйнөлүк каржы кризиси кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик тышкы карыз төлөмдөрүнө терс таасирин тийгизүүсү, бүджеттин дефицитинин көбөйүшү, сомдун курсуна доллардын терс таасир тийгизүүсү мүмкүн экендиги талкууланган. Орусиянын Кыргызстандын карызын кечип, берилүүчү 150 млн.доллар грант жана 300 млн.доллар кредит 2009-жылдын бүджетинин каржы тартыштыгына жардам берери, бирок буга карабастан карыз төлөмдөрү боюнча коркунуч бардыгы айтылган. Швейцариялык кызматташуу бюросу Кыргызстандын саламаттык сактоо,суу ресурстарын башкаруу, жеке сектор тармакатарын өнүктүрүүгө жана долбоорлорго жардам көрсөтөрүн билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG