Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Жогорку Сот Ноокаттык дарыгерлердин ишин кийинкиге жылдырды


АИВ-ЖИКС (ВИЧ-СПИД) жуктурду делип айыпталган Ноокаттык медициналык кызматкерлердин соттук териштирүүгө келбей калгандыгына байланыштуу бүгүн Жогорку Сот бул ишти кароону 24-февралга жылдырды. Жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулинанын айтымында, Жуктурулган иммуну кем синдром (СПИД) илдетинен 2 айлык баладан 7 жашка чейинки алты бала каза болуп, андан башка Адамдык иммуну кем вирусу (ВИЧ) жуккан алты баланын энесин күйөөлөрү жана жакындары үйлөрүнөн кубалап чыккан. Эскерте кетүүчү жагдай, 2007-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндө балдардын массалык түрдө ВИЧ илдетине чалдыккан фактысы катталган. Анын негизинде баш прокуратура иликтөө жүргүзүп, оштук 40тан ашуун ымыркайга жана алардын айрымдарынын энелерине СПИД дарты жуктурулгандыгын аныктаган. Ошол себептүү 14 медициналык кызматкердин үстүнөн жумушуна шалаакы мамиле жасап, бир нече эне-балага ВИЧ илдетин жайылткан деген негизде кылмыш иши козголгон. Үч айга созулган соттук териштирүүдөн кийин, быйыл 1-августта Ош шаардык соту ак халатчандардын төртөөнү актап, бирөөнүн ишин кыскарткан. Дагы төртөөнү ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Калган бешөө 3 жылдан 5 жылга чейин шарттуу кесилген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG