Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Дарвиндин мааракеси: адам маймылдан чыкканбы же топурактан жасалганбы?


Неандертал адамдын көрүнүшү, Халле, Германия
Неандертал адамдын көрүнүшү, Халле, Германия

12-январда Чарлз Дарвиндин туулганына туура 200 жыл толууда. Эволюция жана табигый илимдер боюнча эмгектери менен дүйнөгө таанылган окумуштуунун теориясын бүгүн АКШда айрым штаттар мектептерде окууга тыюу салган - айрым динаятчылар Дарвиндин эволюция теориясы христиан динине каршы келет деп эсептешет.

Ислам дини улам күч алып жаткан Кыргызстанда бүгүн "Адам баласы кайдан чыккан?" деген суроого жаштардан "топурактан жасалган" деп жооп алган учурларды кездештире баштадык. Мунун себеби, жалпы эле илимдин, анын ичинде табигый илимдерди окутуунун сапаты кескин түшүп кеткендигинде.


Ушул аптада Орусиянын баш калаасында Дарвиндин музейинде "эволюциянын атасына" арналган көргөзмөлөр түрмөгү ачылды.

Музейдин директору Анна Клюкина мектептерде илимди окутуу кескин кыскарганын белгиледи. Ал мындай көргөзмөлөр окуучуларга ушул кемтикти толуктап, Дарвинизмди тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет деп үмүттөнөт:

Бүгүн мектептерде сабактарды бөлүштүрүүдө белгилүү кемчиликтер бар, биологияны окутууга дээрлик убакыт бөлүнбөйт. Дагы жакшы аз да болсо сакталып калган биология сааттарында Дарвиндин теориялары камтылат.

Дарвиндин музейинде азыр 12 көргөзмө коюлган, анын ичинде "Дарвин: Уламыш жана чындык", "Сөөлжандын жашоосу", "Карышкыр кантип итке айланды" деген темалар бар.

Чарльз Роберт Дарвин, Англиялык илимпоз (12-февраль, 1809 - 19-апрель, 1882) адам баласы табигый тандоо аркылуу маймылдан чыкканын далилдеген

Советтик доордо СССРдин илим тармагы дүйнөдөгү эң күчтүү тармак саналчу. Өлкөдө 1 миллиондон ашык окумуштуу иштечү, бул Кошмо Штаттарынан үчтөн бирине көп эле. Сибирде илимдин ар бир тармагына арналган атайын шаарча, "Академгородок" курулган.

СССР кыйрагандан кийин илимий изилдөөлөрдүн сапаты начарлап, бул тармакка бөлүнгөн каражат кескин азайды, миңдеген окумуштуулар чилдей тарады.

Эмилия Воробьева Орусиянын Илимдер академиясынын микробиологу:

- Илим дагы деле чоң мааниге ээ, бир гана жери начар каржыланат. Субсидиялар көбүрөөк болсо, жакшыраак жабдыктарды алат элек.

Мындан эки жыл мурда 300 жылдык тарыхы бар Орусиянын Илимдер академиясын көзөмөлдөй турган президенттик кеңеш түзүлөөрү жарыяланган эле. Окумуштуулар бул академиянын өз алдынчалыгына коркунуч келтирээрин айтып, "бюрократтар болгону мамлекеттик акчага жана академиянын карамагындагы баалуу имараттарга көз артып жатат" деп шектенишкен.

Азырынча кеңеш түзүү планы ишке аша элек, бирок өкмөт 21-кылымдын талаптарын канааттандыруу үчүн академияны кайра куруш керек деп айтууда. Өкмөт башчысы Владимир Путин келерки жылдын аягына чейин илим тармагына 25 миллиард доллар бөлүүгө сөз берген. Анын ишениминде, бул илимпоздордун чет жактарга агымын токтотуп, Орусиянын илимий изилдөөсүнүн эл аралык абройун көтөрмөлөөгө көмөктөшөт.

Москванын тургуну Игор Дарвин музейине 3 жаштагы кызы менен келди. Кызы али кичинекей болгондуктан, ал айбанаттарга гана кызыгып жатышканын жашырган жок. Бирок мындай көрсөтмөлөр жаш орусиялыктардын илимге болгон кызыгуусун көтөрөөрүндө шек жок.

XS
SM
MD
LG