Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун концепциясы кабыл алынды


Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумунда улуттук коопсуздук концепциясынын жаңы долбоору кабыл алынды. Жыйынга төрагалык кылган президент Курманбек Бакиев учурда Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгына шек келтирген тышкы жана ички коркунучтарды башынан кечирип жаткандыгын белгиледи. “Концепцияда биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз айкын, ачык жана так түшүндүрүлгөн. Биз аларды ички жана тышкы саясатыбыз аркылуу коргоону камсыдашыбыз керек”, - деди. Ал ошондой эле акыркы жылдары ар кандай диний агымдардын таасири кыйла күчөп кеткендигине басым жасады. Жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү бул Концепция атуулдардын укугун чектөөгө колдонулбаса болду деген кооптонууларын билдиришүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG