Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Өлкө башчысы кечээ экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катышаарын жар салып, муну экономикада жагдай жакшырып баратканына негиздеди. "Азаттыктын" түз ободогу талкуусунда өлкөдөгү азыркы абал, президенттик шайлоонун мөөнөтүү тууралуу сөз болду.

Түз ободогу талкууга Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев, ЖК депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков жана “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеров катышты.

"Азаттык": - Алгач сөздү президенттик шайлоодон баштасак. Анткени коомчулукта президенттик шайлоо быйыл болот, келерки жылы болот, деген талаштар болууда. Ошондой эле президент Бакиев экинчи мөөнөткө барабы, жокпу, деген да суроолор айтылып жүрөт.

Бул суроолорго президент өзү кечээ маалымат жыйынында мындайча жооп берген эле:


К.Бакиев: -Барамын, себеби Конституция боюнча укугум бар. Экинчиден, мына бийликке келгенибизге төрт жылга баратат, эгерде жасаган иштерибиздин жыйынтыгы болбой, жакшы көрсөткүчтөргө жетишпей, саясий стабилдүүлүк болбой турса, анда “кой кетели” десек болмок. Бул жолу мурдагыдай Конституцияны өзгөртө коюп, кандайдыр бир жаңылыктарды киргизип алып, ошол Башмыйзам боюнча дагы шайланам, деген болбойт.

“Азаттык:”- Топчубек мырза, үч жыл аралыгындагы жетишкендиктер тууралуу сиз президент менен макулсузбу?

Т. Тургуналиев: - Жок. Мен макул эмесмин. Кыргызстанда коомдун жана мамлекеттин кайсы гана тармагын албаңыз, “мамайдын көрү”. Бир дагы тармакта бир да маселе элдин купулуна толо тургандай чечилген жок. Ошондуктан, бул саясий айдыңда эки түрдүү саясий ишмерлер болот, бирөөлөрү өтө аз: алар чындыкты айтат. Экинчилери болсо калпты көз ирмебестен туруп, эч нерсе жасабаса да көп нерселерди жасап атам деп мактанып, чыпалактай ишин опол тоодой кылып көрсөтүүгө аракеттенет. Мына ушулардын бири –тилекке каршы, мен мурда колдоп, сүрөп, коргоп жүргөн Курманбек Бакиев минтип калптын жолуна түштү.

“Азаттык:” - Бейшенбек мырза, эми сиз айтсаңыз, өткөн жылы миңдеген элдин катышуусу менен нааразылык митингдери болбогону үчүн эле өлкөдө кырдаал жакшырды, эл президентке ишенди, деп айтууга болобу?


Б. Абдарасаков: -Пикет, митингдер болбой мамлекеттеги кырдаал оңолду деп айтууга болот. Мен бул жерде экономикалык көрсөткүчтөргө таянгым келет. Акыркы үч жылды карасак, 2005-жылы мамлекеттин бюджети 18 млрд. сом болчу. Азыр 45-50 млрд.га көбөйдү. Ички дүң продукция өсүп атат. Акыркы кездеги эле жетишкендиктер: Камбар-Ата ГЭСтери курулат, деп атабыз. 2 млрд. доллар насыянын 0,7% менен кырк жылдык мөөнөткө берилиши. Бул жерде Орусия менен 50х50 болгондон кийин акчанын жарымын эле Орусия өзү төлөйт. Анан кийин биздин мурдагы карыз 193 млн. долларды дагы Орусиянын кечиши, мунун баардыгы эле Кыргызстан үчүн жетишкендик, жеңиш деп айтсак болот.

Андан тышкары акыркы жылдардагы жетишкендиктерди айтсак, кытайдан техникалардын келиши. Биздин айыл өкмөттөр итке минип калган эле. Ошолорду атка мингизип атканын мен мамлекетибиздеги болгон жетишкендиктер деп эсептейм. Статистикалык маалыматтарды алсак, акыркы бир жылда эле 230 миң автоунаа алынган, чөнтөк телефонун алсак 2 жарым млн. элде бирден телефон болгон. Бул дагы кандай бир деңгээлде элдин турмушу, жашоосу жакшырды дегенге мисал. Бирок ошону менен эле бирге коммунизм болуп кетти, жыргап кеттик деп айткандан алысмын, дагы деле болсо толтура проблемалар бар.

“Азаттык:” - Табылды мырза, сиз өйдөдөгү маектештердин кимисине көбүрөк кошула аласыз?

Т.Акеров: - Бул жерде мен Топчубек Тургуналиевге кошула алам. Анткени ал бүгүнкү турмушту реалдуурак айтып жатат. Себеби 3 жарым жылдын ичинде эл жакшы болуп, турумушу өзгөрдү деп айтууга тааал болуп жатат. Себеби күңдөн-күнгө Би-Би-Си, “Азаттык” жана башка ММКларда айтылып атат, ошол эле Жалал-Абат облусунда кыргыз фамилиясын “ов”го өткөрүп, элдин көбү Орусияга жана башка мамлекеттерге кетип жатканы күндөн-күнгө өсүп жатат. Мунун өзү элдин турмушу өтө кыйындап, Кыргызстандан үмүтү өчүп башка жака чыгып атканын көрсөтүп жатат. Ушундай абалда кантип биз 2-3 эсе Кыргызстандын экономикасы өсүп кетти деп айтабыз. Экинчиден, 2 жарым млрд. доллар алып келди деп айтып атышпайбы. Курманбек Бакиев болсо бийликке келгенде тууганчылык, жердешчилик, коррупцияны жок кылам деп убада берген. Бүгүн эгерде 2 жарым млрд. долларды алып келгендин ордуна коррупцияны эле тыйып, жок кылып койсо бул элге өтө чоң жакшылык болмок эле.

“Азаттык”: - Топчубек мырза, Конституциялык реформаларды жүргүзүүчүлөрдүн бири катары айтсаңыз, жаңы кабыл алынган баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов бекемдеп атат, президент жаңы баш мыйзам менен шайланат деп. Качан президенттик шайлоо болушу мүмкүн.

Т.Тургуналиев: - Бул жерде менин Бейшенбек деген иним Кыргызстан эбегейсиз дүркүрөп өсүп аткансып бир нерселерди айтып кетти. Мен бул инимдин калпын чыгарып коеюнчу, бюджетте 45 миллиарддын тегерегинде деп атышат. Ооба ошого жетти. Бирок ичин карап көрөлүчү, ошол 45 млрд. демек бюджеттин 25 пайызына чейин бүтүндөй мамлекеттик чиновниктердин чөнтөгүнө кетип атат, айлыгына, ал жак бул жака чапкылап дүйнөнүн айланып жүргөндөргө. Ошол 25 миллиарддын ичинен дагы жалаң гана президенттин өзү, анын жан сактагычтарына 1 млрд.га чейин кетип атпайбы. Ал эми чиновниктерди ала турган болсок, Кыргызстанды Гиннестин китебине жазса болот, дүйнөдөгү чиновниктери эбегейсиз көп, сайдын ташындай мамлекеттин бири бул - Кыргызстан. Ал эми биз билебиз чиновниктер канчалык көп болсо, бюрократия ошончолук күчтүү болот. Бюрократия менен коррупция - уялаш бир туугандар.

Кыргызстанда азыр кыргыздар 3 жарым миллионго араң зорго жетип баратат, ошол 3 жарым миллиондун бир миллионго чейинкиси өзүнүн Ата Мекенинде иши, жери, үйү жок, 60тан ашкан мамлекеттерде кор болуп жүрбөйбү. Көпчүлүгүнүн сөөгү келип атат, өзгөчө Орусиядан. Анан биз эмнебизге мактанабыз. Ал эми Конституцияга келе турган болсок биз 93-жылкы 5-майда кабыл алынган Конституцияда жазганбыз, Кыргызстанда бир адам эки жолу катары менен президент болуп шайланууга укугу бар деп. Ал эми ал укуктан башка дагы ыйман, нысап деген бар. Мамлекеттик жетекчилер өзгөчө демократиялык жолго түшкөн деген мамлекеттерде эгерде биринчи мөөнөттүн ичинде ушунчалык көп жакшы нерселерин баштап, бирөөлөрүн бүтүп, экинчисин бүтө элек боло турган болсо, анда элдин көпчүлүгү “бали, абдан жакшы иштеп атат” десе бир жөн эле.

“Азаттык:” - Топчубек мырза, жаңы баш мыйзам боюнча президенттик шайлоо качан болот, быйылбы, же 2010-жылыбы?


Т.Тургуналиев: - Эгерде биз мурдагы 2003-жылы түп тамырынан редакцияланып, 68-беренеси таптакыр өзгөргөн жаңы Конституциянын негизинде ала турган болсок анда быйылкы жылдын күзүндө болуш керек. Социал-демократтар туура айтып атат. Кеп башкада, мен мурда колдоп, сүрөп, коргоп жүргөн К.Бакиевге кайрылаар элем, 2005-жылы революциянын жеңишин камсыз кылган башчылардын ичинде мен аксакалы болгом. Ошол аксакал катары мен Бакиевге кайрылар элем, Курманбек, эсиң барда этегиңди жап дейт кыргыз. Мага ушундай бир ой келип атат эченден бери, мен сени колдоп жүрдүм эле, бирок 2007-жылдын 16-декабрынан кийин шайлоону биротоло чампала кылып ашмалтайын чыгаргансың сен баш болуп. Демек сенин мындан кийин укугуң жок, эгерде ыйманды, нысапты ала турган болсок. Ошон үчүн жаңылдым, жаздым, тооба кылдым деп, мамлекетти ийгиликтүү башкаруу менин колумдан келбейт экен деп азыр жакынкы айларда кетип кал. Эгерде сен президенттикке барам десең, анда бир эле жолуң бар, шайлоону мурдагы жылкы шайлоодон дагы эбегейсиз жаман кылып, бурмалоо гана жолу менен өтүшүң мүмкүн. Азыр сени Кыргызстан боюнча мүмкүн 10-15 гана пайыз эл колдойт.

“Азаттык:” - Президент Курманбек Бакиевдин жакында Москвага жасаган иш сапары тарыхый сапар болуп калганы айтылууда. Буга АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу ошол жакта билдирүү жасап, базанын ордуна Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана мамлекеттик бюджетке 2 млрд доллар насыя, 150 млн. доллар грант алууга жана Орусиянын алдындагы 193 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын кечүүгө жетишкени себепкер делип жатат. Кечээ маалымат жыйынында президент АКШнын “Манас” аба базасын чыгаруу жөнүндө чечимди Бишкек анын ижара акысына канаттанбагандан улам кабыл алганын билдирди. Президент Бакиев базанын чыгарылышы Кыргызстан менен АКШнын, Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилеге эч кандай таасирин тийгизбейт, деп ишенет.Ошол эле учурда Москва сапарынан кийин Кыргызстан тышкы саясатта өзүнүн ишеничтүүлүгүн жоготту, деген чочулоолор бар...

Б.Абдрасаков: - АКШ базасын чыгаруу боюнча Кыргызстанда башынан эле каршылыктар болуп келген. Мен ал убакта Үй куруучулар партиясын жетектеп келгем. Ошондуктан биз дагы каршы чыкканбыз. Кийинчерээк Мотуев деле, Ивановдун аялы, көптөгөн элдер митингге чыгышты, Мотуев алардын желегин өрттөп жүргөн. Мен ал авиабазада болгон учурда 3 суроо берген элем. Биринчиси, Иванов тууралуу болгон, биздин атуулду өлтүрүп салган аскериңер кайда жүрөт десем, Америкада эле жүрөт дейт. Камалдыбы десем, камалган жок, дейт. Анан мен айттым камалбай жүргөн болсо, тез таап туруп камаш керек аны деп. Экинчи суроом, азыркы күнү ушул жерде силердин жайгашышыңар эле бизге, Кыргызстанга коопсуздук туудурат. Коркунуч бар, тиги жактан бизди бомбалап жиберсе, силер бизди коргой аласыңарбы деп генералына суроо бергенимде, ал “коргой алабыз, жооп беребиз” деп жооп берген. Негизи чечкиндүү кадам жасап, президенттин базаны кетиргени эң туура иш болду. Биринчиден, коопсуздук, экинчиден, экологиялык маселелер жана биздин атуулдардын өлүмү. Бул тарыхый, чечкиндүү чечим деп мен эсептейм жана ал коопсуздук маселеси менен байланыштуу.

“Азаттык:” - Табылды мырза, бирок АКШ аба базасынын Кыргызстандан чыгып кетиши тескерисинче Кыргызстанга коопсуздук жагынан терс таасирин тийгизет деген дагы ойлор бар. Буга мисал катары Ооганстан жакын турат, баягы эле Баткен коогалаңы кайталанышы ыктымал деген да пикирлер бар. Сиз кандай дейсиз?


Т.Акеров: - Туура. Себеби Ооганстанда стабилдүүлүк толук түрдө орноп бүтө элек. Акыркы маалыматтар боюнча, аналитиктердин чет элдик ММКларга жазган материлдары боюнча ал жерде да ушундай ой атылып атат, Ооагастанда абал толук турукташып бүтө элек жана Карзайдын бийлиги бүтүндөй эле таасир берүүчү орган катары эсептелбей жатат деп. Ошондуктан мен ойлойм, мындай коркунуч албетте бар. Анан эгерде кокус бизден аскердик жоготуулар болсо албетте анда Бакиев жана “Ак жол” партиясы жооп бериши керек. Анткени бул стратегиялык туура эмес чечим деп ойлойм.

- Маегиңиздерге рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG